Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Интернеттеги маңзат соодасы: Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


Ички иштер министрлиги 3-апрелде мыйзамсыз маңзат соодасына аралашкан курьерлердин сабалышына байланыштуу үч жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар өздөрүн "милиция кызматкери" деп тааныштырган. Буга чейин социалдык тармактарда наркотикалык каражаттарды жеткирип иштегени айтылган жарандар сабалды делген видеолор тараган.

Активисттер эл аралык кылмыштуу маңзат түйүнү жайылып жатканын белгилеп, милиция анын тамырын кырка алабы деп коңгуроо кагууда.

"Алты балам бар, аман койгула"

Интернетте чуу жараткан "Принцесса Дури" деп аталган топтун Телеграм-каналында таяк жегендер кантип жазаланганы тартылган видеолор февралда эле жүктөлгөн. Сабалгандар буюртма түшкөндөн кийин маңзатты мерчемделген жерге жеткирбей койгону үчүн жазалоого кабылганын боолголоого болот.

Каналдагы тасмалардын көпчүлүгүндө сабалган курьерлердин жаш жигиттер экени байкалат, арасында кыздар да бар. "Ишин аткарбаганы үчүн" жазаланып жаткандардын бири "алты баласы бар экенин" айтып, жан соога сураган.

Бул тасмалар марттын аягында социалдык тармактарда кеңири тарап баштагандан кийин Ички иштер министрлиги 31-мартта билдирүү таратып, бул боюнча кылмыш иши козголгонун жана териштирүү башталганын кабарлаган. 4-апрелде мекеменин басма сөз кызматынын улук инспектору Диана Нурлан кызы курьерлердин сабалышы боюнча үч жаран кармалганын билдирди.

Диана Нурлан кызы
Диана Нурлан кызы

"Курьерлерди сабагандар өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, “Принцесса Дури” деген интернет дүкөнүнөн кечирим суроого мажбурлашкан. 3-апрелде Атайын операциялар отрядынын колдоосу менен 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. кармалган. Шектүүлөрдүн жашаган жеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн тек-жайы такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө".

Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 261-беренеси ("Уюшкан топ түзүү же ага катышуу") менен кылмыш иши козголду. Сотто алардын күнөөсү далилденсе, 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Министрлик мыйзамсыз маңзат соодасы менен алектенген топтон жапа чеккендерди милицияга кайрылууга чакырды.

Чуулгандуу тасмалар социалдык тармактарда тарагандан бери активисттер курьерлерди сабаткандарды таап кармоону жана психотроптук каражаттарды саткан Телеграм-каналдын ишмердүүлүгүн токтотууну бийликтен талап кылууда.

Курьерлерди сабоого шектүүлөр. ИИМдин сүрөтү.
Курьерлерди сабоого шектүүлөр. ИИМдин сүрөтү.

"Биз бүгүн бул маселени соцтармактарда көтөрүп, коомчулукка резонанс кылуу менен милиция же башка күч органдары бул агымдын тамырын кыркат деп үмүттөнгөнбүз. Бирок милиция 19, 20, 23 жаштагы жарандарды кармаганын жарыялады. Мен бул балдар дагы сабалган балдар сыяктуу эле маңзат соодагерлеринин курмандыгы деп ойлойм. Эгер сен сабабасаң, сени сабашат. Кыйын экономикалык-социалдык абалда жаңылган балдар көп. Эми алар 10-12 жылга эркинен ажыратылат. Ал эми баңгизат өндүрүүчүлөр ошол бойдон ишин уланта берет", - деди өзүн Эркин деп тааныштырган активисттердин бири.

Принцесса Дури - ар кайсы өлкөлөрдө баңгизаттын түрлөрүн мыйзамсыз сатуу менен алектенген интернет дүкөн. Бир гана Кыргызстанда эмес, жалпы КМШ өлкөлөрүндө, Орусияда да өркүндөгөн.

Маңзат соодасы интернетте ачык эле жүрүп жатканын “Азаттык” былтыр да иликтеп, системалашкан кылмыштуу бизнес кантип иштей турганын көрсөтүп берген.


Ички иштер министрлиги мындай мыйзамсыз бизнестин интернетке көчүшү менен анын тузагына түшкөндөр көбөйгөнүн, маңзаттарды мыйзамсыз жайылтуу онлайн жүрүп, сатуучулар эч ким менен жолугушпай калгандыктан, кылмыштын бетин ачуу кыйын болуп жатканын билдирген.

"Оңой акчага аргасыздык түртүүдө"

Журналист Канышай Мамыркулова бул терс көрүнүштүн жайылышын күч органдарынын чабал иши менен байланыштырды:

Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

"ИИМге бул маселе башынан эле тааныш. Ошондуктан, коомчулук дуулдап чыкканда эле маселенин бир учун басып коюу менен маселе чечилбейт. Муну комплекстүү карап туруп, ар тараптан бөгөт коюу керек. Бизде милиция адамзатка, коомчулукка кооптуу коркунучтар менен күрөшүүнүн ордуна бийликти сындагандарды, саясатчыларды куугунтуктоо менен алек. Ар тараптуу күрөшүү керек деп эмнени айтып атам, минтип маңзат сатууга же жеткирүүгө аргасыз адамдар, жеңил акчага азгырылгандар гана тартылат. Аларды мындай ишке жумушсуздук, аргасыздык жеткирип жатат. Кандай үй-бүлөнүн балдары барып атышат? Колунда жок, насыя төлөөгө аргасыз болгондор, түрдүү оорулуу же көп бала баккандар барышат. Бүт баарыныкы эле социалдык жагдай болуп жатат".

Орусияда интернеттеги маңзат соодасына курьер болуп аралашып, камалган кыргызстандыктар да көбөйдү. Расмий маалыматка караганда, учурда 1077 жаран орус абактарында отурат. Алардын басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга айыпталган. Бул боюнча мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалымат кампаниясын баштоо маселеси Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлгөн.


Кыргызстанда Республикалык наркология борборунда 8,5 миңден ашуун киши расмий каттоодо турат. Бирок бейрасмий алганда маңзатка берилгендер 25 миңден ашуун экени эсептелген. Акыркы учурда героин кымбаттап, туз, синтетикалык маңзат колдонгондор көбөйүп жатканы айтылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде жазылган ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") кылмышты жасаган адам баңгизат, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана буга байланышкан кылмыштардын, аны менен алектенген адамдардын бетин ачууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG