Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Онлайн маңзат бизнеси: таяк жеген курьерлер


"Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган кадр. Архив
"Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган кадр. Архив

Интернетте маңзат жеткирип иштегени айтылган жарандарды белгисиз бирөөлөр сабап жаткан видео жарыяланды. Анда кармалган жаран маңзатты онлайн саткан баракчанын атын айтып кечирим сурагандан кийин канжалаганча токмок жегенин көрүүгө болот. Бул топтун Телеграм-каналында сабалгандар маңзатты жеткирбей койгону үчүн жазаланганы айтылган. Ички иштер министрлиги бул боюнча териштирүү иштерин баштаганын билдирди.

Социалдык тармактарда наркотикалык каражаттарды жеткирип иштегени айтылган жарандардын сабалганы тартылган деген видеолор тарады.

Видеолор маңзат саткан Телеграм-каналга февралда эле жүктөлгөн. Анда сабалгандар буюртма түшкөндөн кийин маңзатты дарегине жеткирип бербей койгону жоромолдонуп жатат. Видеолордо белгисиз адамдар курьерлерди кармап алып, алгач маңзат саткан топтун атын айттырып кечирим суратып, андан кийин канжалата сабаганын көрүүгө болот.

Кожоюндарын алдап кеткен курьерлерди табуу кыйынга турбайт. Анткени алар жумушка алынардан мурда камерага паспортун кармап батиринин, көчөсүнүн номурун айтышат. Сыягы, "жумуштун талабы" ушундай.

Сабалган курьерлердин видеосу Телеграм-каналга жарыяланып, “башкаларга сабак болсун” деген өңдүү эскертүү сөздөрү жазылган. Сабалгандар арасында 2005-жылы туулган бала да бар.

Социалдык тармактарда маңзат жеткирип иштегендердин сабалганы тартылган видеолор тарагандан кийин Ички иштер министрлиги 31-мартта билдирүү таратып, бул боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталганын кабарлады.

Министрлик баңги кылмышынын курмандыгы болгондорду Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына кайрылууга чакырды.

“Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат республикада жана анын чегинен тышкары жашаган жарандарга туруктуу негизде кайрылат, андыктан жеңил эмгек акы сунуштаган шектүү шилтемелерден сак болууну эскеретебиз. Бул багытта бардык зарыл маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлүүдө, бирок буга карабастан жарандар жумуш издеп баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылууда. Баңги кылмыштарынын дүйнөсү өтө катаал! Шектүү эмгек акы сизди жана жакындарыңызды бузушу мүмкүн! Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен өзгөчө оор кылмыштын белгилери боюнча иш козголуп, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ал эми жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз”.

ИИМдин кайрылуусунда Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) жазылган эскертүү камтылган. Анда ушул беренедеги кылмышты жасаган адам баңгизат, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана буга байланышкан кылмыштардын, аны менен алектенген адамдардын бетин ачууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулары жазылган.

Курьерлери сабалган психотроптук каражаттарды саткан Телеграм-канал азыр да иштеп жатканын көрүүгө болот. Ага кайрылсаң алгач жашаган жериңди, маңзаттын кайсы түрүн сатып аларыңды сурайт. Каналда маңзаттын бир канча түрү, салмагы жана баасы жазылып турат. Аны тандагандан кийин карта же биткоин, лайткоин аркылуу төлөм жүргүзүүнү сунуштайт.

Бул талаптар аткарылгандан кийин курьер аркылуу маңзат белгиленген жерлерге катылат. Алар изин жашыруу үчүн Телеграм-каналдагы ботторун улам жаңылап турат.

Маңзат бизнесинин интернетке көчүшү соңку жылдары күч алганы айтылып жүрөт. “Азаттык” былтыр ушул боюнча иликтөө даярдап, системалашкан маңзат бизнеси кантип иштей турганын көрсөтүп берген.

Ички иштер министрлиги баңгизаттарды жайылтуу онлайн жүрүп, сатуучулар эч ким менен жолугушпай калганы үчүн кылмыштын бетин ачуу кыйынга туруп жатканын айткан.

“Борбор Азиядагы наркосаясат борбору” коомдук фондунун жетекчиси Александр Зеличенко төмөнкүдөй сунуштарды берди:

“Бул дүйнөлүк көйгөй болуп калды. Аны ар өлкө ар башка жол менен чечип жатат. Бирок белгилүү бир алгоритм бар. Мисалы, кошуна Казакстанда интернеттеги наркотикалык соодага каршы жасалма интеллектти колдонуп иштеген программаны жасап чыгышты. Бул программа маалымат түшкөндө анын дарегин өзү издеп таап, бөгөттөп, маңзат саткан адамды аныктап чыгат. Бул жакында ишке кирет. Батыш өлкөлөрүндө мындай ыкма көптөн бери колдонулуп келет. Бул багытта алар менен байланышып, ойлонуп табылган системасын алса болот деп ойлойм”.

Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын арасында да маңзат соодасына кирип, кармалгандар көбөйдү.

Расмий маалыматка караганда, учурда 1077 жаран (1205и эркек, 91и аял) Орусиянын абактарында отурат. Алардын басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга байланыштуу айыпталууда. Ал жактагы маңзат соодасы да көбүнчө интернет аркылуу жүргөндүктөн, мигранттар чоң акчага азгырылып, курьер болуп ишке киришет. Бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалымат кампаниясын баштоо маселеси парламентте да бир нече жолу көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков бул кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн заманбап ыкмалар иштелип чыгышы керек деген ойдо.

“Кылмыштын жаңы түрлөрү пайда болду, татаалдашып кетти. Алар жаңы технологияны пайдаланып жатат. Ошого жараша чара көрүү үчүн мыйзам керек болсо, биз колдоп бергенге даярбыз. Азыр байкасаңыз, жарнама кылып бир коддор менен ачык жерлерге жазып коюп жатышат. Аны изилдетип көрсөм, ал Телеграм-каналдарынын аталышы экен. Буга каршы коомчулук биригип аракет кылбасак, аны жоюу кыйын”.

Кыргызстанда Республикалык наркология борборунда 8,5 миңден ашуун киши расмий каттоодо турат. Бирок бейрасмий алганда маңзатка берилгендер 25 миңден ашуун экени эсептелген. Акыркы учурда героин кымбаттап, туз, синтетикалык маңзат колдонгондор көбөйүп жатканы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG