Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Министр Ибраев электр энергиясынын кымбатташы боюнча комментарий берди


Таалайбек Ибраев.
Таалайбек Ибраев.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берди.

Ал өлкөдө электр баасы 2023-жылдагы инфляциянын деңгээлине ылайык бекитилгенин, баа дээрлик 11 тыйынга кымбаттап жатканын айтты.

“Эгерде адамдын үйүндө муздаткыч жана сыналгы гана иштесе, анда ал тарифтик пландан ашпайт жана ошого жараша төлөйт. Бирок үйүндө эки муздаткыч, суу жылыткыч, сыналгы, кондиционер жана башка көп буюмдары иштесе, анда жарыктын баасы жогору болушу керек. Энергетика да - товар. Ким көп керектесе, ошого жараша кирешеси бар да. Кызмат көрсөтүү үчүн төлөшүңүз керек”, - деген министр.

Электр жарыгынын баасы 1-майдан тарта көтөрүлөт. Айына 700 кВт саатка чейин керектелген 1 кВт саат электр жарыгынын акысына 10,8 тыйын, андан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын кошулат.

Электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандарга 35,4 тыйын, электр жарыгын айыл чарба, өнөр жайга колдонгондорго 31 тыйын кошулат.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт. Ошондой эле электр жарыгын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйын өлчөмү 2022-жылы июль айында кирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG