Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:59

"Өлбөс полктун" уюштуруучулары акцияга тыюу салган расмий эскертүү албаганын билдирди


"Өлбөс полк" жүрүшү. Бишкек, Кыргызстан. 2022-жылдын 9-майы.
"Өлбөс полк" жүрүшү. Бишкек, Кыргызстан. 2022-жылдын 9-майы.

"Өлбөс полк" акциясынын уюштуруучулар тобу Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан иш-чараны өткөрүүгө тыюу салган расмий эскертүү кагазын албаганын жарыялады. Топ Фейсбуктагы баракчасында жазган постунда, бул боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) пресс-релизинен башка эч кандай документ жок экенин билдирди.

Акциясынын уюштуруучулары эгерде тыюу салынган болсо ал кайсы шаарларга тиешелүү экенин жана эмне себептен мындай чектөө кирип жатканына так түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

ИИМ 1-май күнү өз сайтына маалымат чыгарып, быйыл Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнүндө "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөй турганын билдирген. Анда мындай чечим дүйнөдөгү соңку окуялардан улам коомдук коопсуздукту сактоо, ыктымал коркунучтарды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында кабыл алынганы белгиленген.

"Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстанда 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген. Ал адатта Бишкекте Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Түштүк дарбазадан" башталып, Жеңиш аянтына чейин уланчу.

Былтыр Ош шаарында өткөн иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан.

2022-жылы "Өлбөс полк" маршын Кыргызстанда өткөрүү керекпи же жокпу деген талаш-тартыш чыккан. Ага каршы болгондор Орусия Украинага басып киргенден кийин мындай жүрүштү өткөрүү туура эмес деген пикирди айтышкан.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 1-майда комментарий берип, Экинчи дүйнөлүк согушка катышкандардын урпактары өлкөдө көп экенин айтып, "алардын маршка чыгуусуна тыюу салууга эч кимдин укугу жок" деп билдирген.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы майданда курман болгон. Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толот.

"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер баштап, 2012-жылдан тартып ал такай уюштурула баштаган. Владимир Путиндин бийлиги аны иделогиялык куралга айландырган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун алтымыштай ардагери калды. Эки жыл мурда алардын саны жүздүн тегерегинде болчу. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG