Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы демонстрациялар уланды


Тбилисидеги акция. 7-май 2024-жыл
Тбилисидеги акция. 7-май 2024-жыл

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы демонстрациялар шейшембиде уланды.

Евробиримдиктин жана Грузиянын желектерин көтөрүп алган катышуучулар парламент имаратынан башкаруудагы "Грузин кыялы" партиясынын баш кеңсесине жүрүш жасашты. Ал жакта демонстранттардын жолун полиция тороду.

“Азаттыктын” грузин редакциясы кагылышуу болбогонун жазды.

“Орусияныкынан көчүрүлгөн” мыйзамга каршы акциялардын айрымдары буга чейин зомбулук менен коштолуп, тартип коргоочулар желим ок колдонуп, кармоолор, демонстранттарга каршы чагымчылдарды тукуруу тууралуу кабарланган. Буга чейин кеминде 15 адам жараат алып, 63 адам камакка алынганы маалымдалган.

7-майдагы акциянын уюштуруучуларынын бири Звияд Цецхладзенин айтымында, демонстрацияларга катышкандыгы же мыйзамга каршы пикирин айтканы үчүн мамлекеттик иштен кетирилген адамдарга акчалай жардам берүү үчүн атайын топ түзүлдү.

Оппозициянын, көптөгөн катардагы жарандардын нааразылыгын жараткан мыйзам долбоорун грузин парламенти 1-майда экинчи окууда кабыл алды. Аны кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясы сунуш кылган.

Мыйзам долбоору акыркы окууда 17-майда каралмакчы.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, айрым конгрессмендер жана сенаторлор грузин бийлигин мыйзамды кабыл албоого чакырып, аны орус президенти Владимир Путиндин "антидемократиялык инструменти" деп аташты жана Кошмо Штаттардын демократиялык өнөктөшү болгон, Европа Биримдигине талапкер макамын алган Грузиядагы мындай демилге кооптонууну жаратып жатканын белгилешти.

Мыйзам "Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" деп аталат. Эгер ал кабыл алынса, Грузияда каржылоосунун 20% көбү сырт жактан келүүчү уюмдар атайын каттоодон өтүшү зарыл болот, бул мыйзам менен бийликти сындагандардын "оозун жабууга" жол ачылат.

Былтыр нааразылык акцияларынан улам мыйзамды кароо кийнкиге калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG