Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Анкара Metaга 17 миллион доллар айып пул салды


Түркиянын Монополияга каршы кызматы Meta компаниясына 552 миллион лира (17 миллион доллар) айып пул салганын жарыялады. Компанияга "социалдык тармактарда жаңы атаандаштарга тоскоол болгон" деген жүйөлөр тагылганы айтылууда.

Монополияга каршы кызматынын маалыматы боюнча, Threads, Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган компания колдонуучулардын маалыматтарын бириктирүү менен атаандаштарынын ишин кыйындаткан жана адилеттүү рынок чөйрөсүнө тоскоолдук кылганы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Иликтөөлөр былтыр декабрда Threads жана Instagram ортосундагы интеграцияда кооптонуулар пайда болгондо башталган. Бул кооптонууларга жооп кылып, Анкара март айында эки платформанын ортосунда маалымат алмашууну чектөө үчүн убактылуу чараларды көргөнү кабарланган. Андан кийин Мeta компаниясы Монополияга кызматынын чечимин аткаруу үчүн Түркиядагы Threads программасын убактылуу токтоткон.

Эми мекеменин чечимине ылайык, колдонуучуларга ачык макулдук менен гана Facebook, Instagram жана WhatsApp тармактарындагы жеке маалыматтарын бириктирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Meta компаниясынын Түркиядагы өкүлчүлүгү азырынча айып пулга байланыштуу комментарий бере элек.

Түркиянын телекоммуникация департаменти буга чейин бир канча жолу YouTube платформасын жабуу чечимин кабыл алган. Мекеме мындай кадамдарды "административдик чара" деп сыпаттаган. YouTube Түркияда 2015-жылдан бери үзгүлтүксүз иштейт.

85 миллион калкы бар Түркияда 57 миллионго жакын киши социалдык тармактарды активдүү колдонот. Sirkhet Danışmanlık компаниясынын маалыматында, өлкөдө YouTube, Instagram жана Facebook платформалары кеңири колдонулат. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG