Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Аламүдүн капчыгайында жоголгон туристтерди издөө уланууда


ӨКМдин куткаруучусу. 8-май, 2024-жыл.
ӨКМдин куткаруучусу. 8-май, 2024-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары Аламүдүн капчыгайында 8-майда дайынсыз жоголгон үч орусиялык туристти издөөнү улантышууда.

Министрликтин маалыматында, алар 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына (Теплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп жатканын 8-майда "Спорттук туризм федерациясы" коомдук бирикмесинин башчысы Н.Даутов билдирген.

Туристтерди издөө 8-май күнү саат 15:45 чамасында башталган, 9-майда уланды.

ӨКМдин басма сөз кызматы изделип жаткандар 62 жаштагы Е. Л, 58 жаштагы С.Н. жана 62 жаштагы С.Б. аттуу жарандар экенин маалымдады.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр ӨКМге куткаруу иштерине жардам берүү тууралуу 17 өтүнүч, 2022-жылы 11 өтүнүч түшкөн. Эки учурда 10дой турист каза болгон, Жеңиш чокусунда бешөөнүн сөөгү табылбай калган. 25тейи куткарылган.

Кыргызстанга альпинисттердин 40% Орусиядан келет. Иран, Германия, Польша, Чехия, Испания, Франция, Англия, Америка, Сауд Арабиясынан келгендер да катталган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG