Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

“Аккула” ат майданы үчүн аукцион 16-майга белгиленди


 “Аккула” ат майданы.
“Аккула” ат майданы.

Бишкек шаарынын мэриясы Термечиков көчөсү 1 дарегинде жайгашкан “Аккула” ат майданынын жери үчүн белгиленген аукионду 16-май, саат 10:00гө белгиледи. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ат майдандын аянты 45,73 гектар жерди жана андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метрди түзөт.

Көз карандысыз эксперттер ипподромго баалоо жүргүзүп, объекттин баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеп, ушул суммага аукционго коюлду.

Шаар бийлиги тиешелүү чечимди муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алганын билдирди. Электрондук аукционго катышууну каалагандар көрсөтүлгөн баштапкы сумманын 10% кепилдик катары төлөшү керек.

Мэрия аукионду апрелдин башында жарыялаган. Мындан кийин социалдык тармактарда аталган демилгени сынга алгандар ат майдандын жерин паркка айлантууну сунуштап чыгышкан. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев муну журналисттерге комментарийлеп жатып, “шаарда батирге муктаж жарандар көп экенин айтып, көп кабаттуу үйлөр түшкөнү туура болот” деп айткан.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Аккула” ("Ак-Кула") ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров быйыл 21-мартта жаңы “Аккула” ат майданынын курулушуна капсула салган. Ал Сокулук районунун аймагында – Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот. Жапаров эски “Аккула” ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруш керек экенин айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG