Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Бишкекте жаңы ат майдандын курулушуна капсула салынды


Жаңы ипподромдун курулушуна капсула салуу учуру. 21-март, 2024-жыл.
Жаңы ипподромдун курулушуна капсула салуу учуру. 21-март, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Бишкекте өтүп жаткан көк бөрү беттешине катышып, ат майдандын курулушуна капсула салды.

Мамлекет башчы жаңы ат майдандын имаратында соода борбору, мейманкана, тамактануучу жайлар жана башка шарттар болорун билдирди.

"Компекс жыл бою иштөөсү үчүн бардык шарттар каралган. Ат оюндарына келүүчүлөрдүн коопсуздугу да эске алынган. Долбоордо көмөкчү жана чарбалык имараттар, сарайлар, устакана, ветеринардык оорукана, карантин жана башка тиешелүү жайлар да курулат".

Садыр Жапаров "Ак кула" деген аталышта жаңы курулуучу ат майдандын долбооруна салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирди.

Жаңы ат майдан Сокулук районунун аймагында - Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот.

Бишкектин Термечиков көчөсүндөгү эски "Ак кула" ат майданы бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын президент Жапаров былтыр мартта айткан.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Ак-Кула” ат майданы 1947-курулган. Жалпы аянты 57,4 гектарды түзгөн эски ат майданы авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экени айтылган.

Азыр көк-бөрү ушул жерде өтүп жатат. (GT/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG