Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

АКШ орусиялык эки саясий технологду "кара тизмеге" киргизди


АКШнын Финансы министрлиги. Вашингтон. (архивдик сүрөт)
АКШнын Финансы министрлиги. Вашингтон. (архивдик сүрөт)

АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын "Социалдык долборлоо агенттиги" жана "Структура" уюмдарын жетекчилери менен чогуу "кара тизмеге" киргизди. Чектөөгө негизинен саясий технолог, аталган уюмдардын негиздөөчүсү Илья Гамбашидзе жана "Структура" компаниясынын директору Николай Тупикин кабылды.

Вашингтондун маалыматына караганда, алар Украинанын алсызданышын колдоо боюнча Латын Америкасындагы маалыматтык өнөктүктү координациялоо менен алектенишкен.

АКШ Финансы министрлиги Гамбашидзе менен Тупикин 2022-жылдын күзүнөн бери 60тан ашуун сайтты камтыган тармакты иштеткен. Бул сайттар Латын Америкасында Орусиянын Украинадагы согушу тууралуу жалган маалыматтарды таратып, АКШ менен НАТОнун саясатын жамандаган контент жаратып турган.

Аталган министрлик "Социалдык долборлоо агенттиги" жана "Структура" уюмдары контингенттеги маалымат каражаттары, таасирдүү адамдар менен мамиле түзүп, аны Кремлдин пайдасы үчүн колдонушканын белгилеген.

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Согуш башталгандан кийин орусиялык көптөгөн саясатчыларга, ишкерлерге жана компанияларга АКШга кирүүгө тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG