Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Кыргызстанда жер көчкү коркунучу жогору 4,5 миңден ашуун аймак бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жер көчкү түшүү коркунучу жогору 4557 участок бар. Анын 1180ден ашууну калктуу конуштарга коркунуч жаратат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди. Министрдин айтымында, 3442 сел жүрүү кооптуулугу бар участоктун 1273ү эл жашаган аймактарга туура келет.

Табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу ишине токтолгон Ажикеев соңку 3 жылда 700дөн ашуун атайы техника жана 3 тик учак алынганын кошумчалады.

10-11-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сел жүргөн. Дарыяларда жана сайларда суунун деңгээли көтөрүлүп, автоунаа жолдорго кум-шагыл толуп калган. ӨКМ учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын маалымдады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG