Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:33

Малайзиянын премьери Бишкекте сталиндик репрессия тууралуу сүйлөдү


Кыргызстан менен Малайзиянын желектери. Бишкек, 14-май, 2024-жыл.
Кыргызстан менен Малайзиянын желектери. Бишкек, 14-май, 2024-жыл.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы жыйында өткөн кылымдагы сталиндик репрессия тууралуу сүйлөдү.

Ал бул темага учкай кайрылып, кыргыз эли мамлекеттүүлүгүн түптөө жараянында тарыхта курмандыкка чалынган, кайгылуу окуяларга туш болгонун белгиледи. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн сакталып калганына кубанарын кошумчалады.

Анвар Ибрагим Куала-Лумпур менен Бишкек экономикалык, маданий багытта кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки өлкө адал индустрияны өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты жандантарын айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы келишимдер менен макулдашууларды заман талабына жараша иштеп чыгуу керектигин, эки мамлекет ортосунда саясий-карама-каршылык жоктугун белгиледи:

"Өлкөлөрүбүздүн арасында укуктук-келишимдик база түптөлгөн. Бирок учурдун талабына жана кызматташууну мындан ары бекемдөөгө зарыл болгон жаңы келишимдер менен макулдашууларды иштеп чыгышыбыз керек деп ойлойм".

Малайзиянын өкмөт башчысы Бишкекке расмий сапар менен 14-майдын кечинде келген.

Бишкек менен Куала-Лумпурдун дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан бул өлкөдө элчилигин ачкан. Бишкек Азияда тез өнүгүп жаткан бул мамлекет соода-экономикалык байланышты күчөтүүнү көздөйт.

2021-жылы эки өлкө Кыргызстанда Адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн “Адал-парк” ачуу максатында эт адал-паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоорун талкуулашканы кабарланган. Долбоордун ишке ашканы тууралуу маалымат жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG