Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Турак жай, унааны камсыздандыруу боюнча мыйзамды өзгөртүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги турак жайды жана унааны камсыздандыруу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу документ 13-майдан тарта коомдук талкууга коюлду.

Анда жергиликтүү каттоо мекемеси жарандардан түшкөн документтерди кабыл алууда өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө камсыздандыруу полиси талап кылынары жазылган.

Долбоорго ылайык, камсыздандырылгандан кийин анын ээси мүлктү жоготуп же бүлүндүргөн учурда зыяндын орду толтурулуп берилбейт. Ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Кыргызстанда 18 камсыздандыруу компаниясы иш алып барат. Алар камсыздандыруу боюнча жалпы 220 миң 613 келишим түзсө, анын 178 миңден ашыгы ыктыярдуу камсыздандыруу болгон. Былтыр жыл соңундагы маалыматка ылайык, бул компаниялар 1,4 миллиард сомдон ашык көлөмдө камсыздандырып берген. Бул 2022-жылга караганда 17,4 % көп деп бааланган.

Улуттук статистика комитетинин 2022-жылга алган маалыматына караганда, Кыргызстандагы 7 миллион 659 миң турак үйдүн 80 миңи (9%) камсыздандырылган. Мыйзам долбоорунда бул көрсөткүч кеминде 60% жетиши керектигин, бул көрсөткүчкө 2027-жылга чейин жетишүүгө болору жазылган.

Кыргызстанда автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Быйыл тийиштүү мыйзам күчүнө кирмек. Министрлер кабинети милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жыла турганын кабарлаган. Бирок 1-июлдан тартып автоунаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүк жарандар жана ишканалар айып пул төлөй баштайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG