Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Словакия: Кол салуу болгон премьердин өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалды


Роберт Фицо жеткирилген оорукана.
Роберт Фицо жеткирилген оорукана.

Словакияда кол салууга кабылган премьер-министр Роберт Фицонун абалы турукташканын, анын өмүрүнө коркунуч жок экенин бүгүн 16-майда өлкөнүн вице-премьер министри Томаш Тараба билдирди.

Би-би-сиге курган маегинде Тараба операция жакшы өткөнүн кабарлап, ал аман калат деген ишеничин билдирди.

59 жаштагы өкмөт башчынын жарааты олуттуу экени, ал «өмүрү үчүн күрөшүп жатканы» мурдараак кабарланган.

Кол салууга шектүү киши ошол жерден дароо кармалган.

Ички иштер министри Матуш Шутай-Эшток окуяны саясий себепке негизделген өлтүрүү аракети деп атаган.

Окуя 15-майда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Гандлова шаарында болгон. Роберт Фицо шаардагы Маданият үйүндө өкмөттүн көчмө жыйынын өткөргөндөн кийин көчөгө чыгып, жол боюнда турган адамдар менен учурашканы барган учурда ага ок атылган.

Беш жолу ок атылганы, кол салуу жакын арадан жасалгандыктан Фицонун жансакчылары аны октон сактап калууга үлгүрбөгөнү маалымдалды. Колунан жана курсагынан жараат алган өкмөт башчыны тик учак менен жакынкы Банска-Бистрица шаарына жеткирип, операция жасашты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG