Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:29

Иран: Раиси менен коштошуу зыйнатына миңдеген адам чогулду


Иранда тик учак кырсыгында каза болгон президент Эбрахим Раиси менен башка расмий адамдар менен коштошуу зыйнаты. Тегеран, 22-май, 2024-жыл.
Иранда тик учак кырсыгында каза болгон президент Эбрахим Раиси менен башка расмий адамдар менен коштошуу зыйнаты. Тегеран, 22-май, 2024-жыл.

22-майда Тегеранда тик учак кырсыгында набыт болгон президент Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амира-Абдоллахян жана башка расмий адамдар менен коштошуу зыйнатына миңдеген адам чогулду. Беш күндүк аза күтүү жарыялаган жогорку руханий лидер, аятолла Али Хаменеи Тегеран университетинде өткөн иш-чаранын башында турду.

Раисинин табыты ардактуу кароолдун кайтаруусунда көчөлөрдөн өткөрүлдү. Коштошуу зыйнатына Ирандын жетекчилери, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун мүчөлөрү жана бир нече жогорку даражалуу чет өлкөлүк расмий адамдар катышты. Алардын катарында Пакистандын өкмөт башчысы Шехбаз Шариф жана Ооганстанды жетектеген талибдердин өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Мутакки болду.

Андан тышкары АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал уюмунун лидерлеринин бири Исмаил Хания да катышканы кабарланды.

Коштошуу зыйнаты маалында да "Израилге өлүм!" деген кыйкырыктар ар кайсы жерден угулуп жатты.

Ушундай эле иш-чара 21-майда өлкөнүн Чыгыш Азербайжан провинциясынын борбору Тебриз шаарында өткөн.

Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон, сөөктөрү эртеси күнү табылган. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып байланышка чыкпай калган. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.

Иранда президенттик шайлоо 28-июнга белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG