Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:01

Ырчы жана активист Аскат Жетигендин соту башталды


Аскат Жетиген.
Аскат Жетиген.

“Массалык башаламандыктар” жана “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча шек саналып кармалган акын жана активист Аскат Жетигендин ишин кароо Свердлов райондук сотунда 22-майда башталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Самат Матцаков "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү отурумда Аскат Жетигенге айыптоо актысы окулуп, ишти кароонун тартиби бекитилди. Кийинки сот жараяны 23-майга белгиленди.

Акын 20-мартта кармалып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 8-майдагы алдын ала соттук угууда анын камактагы мөөнөтү 8-июлга чейин узартылган.

Ага 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгонун ошол учурда адвокаты Венера Буудайбекова билдирген.

Алгач Аскат Жетигенди УКМК 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Венера Буудайбекова буга чейин, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деген айып менен 2022-жылы кылмыш ишин козгогонун кабарлаган. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берген. Тергөөчү ырчы сөзүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры менен эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинде казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG