Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

Президент Жапаров уран боюнча чет элдик блогердин видеосуна жооп берди


Уран иштетүүгө каршы Бишкекте өткөн акция. 2019-жыл.
Уран иштетүүгө каршы Бишкекте өткөн акция. 2019-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-майда видео кайрылуу жасап, айрым чет өлкөлүк блогерлерди Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырып, Анастасия Ахметова аттуу блогердин Ысык-Көлдө уран казуу маселеси тууралуу айткандарын четке какты.

"Өзүн Орто Азия боюнча эксперт санаган Анастасия Ахметова аттуу чет өлкөлүк жаран сыртта отуруп алып эле, "Кыргызстанда уранды иштетүүгө британиялык белгилүү Ротшильддердин үй-бүлөсү аралашууда, анын жыйынтыгында Ысык-Көлдү жок кылып алабыз" деген жалган маалыматты токуп чыгыптыр. Биздин Ысык-Көлүбүзгө күйүмүш болуп сүйлөгөнү менен, анын максаты - элибизди козутуу менен ортого бүлүк салуу экени көрүнүп турат".

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү кенде урандын үлүшү 0,17%, анда негизги кен титано-магнетит экенин белгилеп, аны алып кетүү менен Кыргызстан урандан тазаланарын айтты. Кендин өзүндө да, өлкөнүн башка аймактарында да уранды байытуу болбосун кошумчалады.

ТикТок социалдык тармагында Анастасия Ахметова аттуу блогер Кыргызстанда уранды өндүрүү аракеттери жүрүп, ага британиялык Ротшильд аттуу ишкер кызыгып жатканын, өкмөт башчы Акылбек Жапаров аралашып, негизги сүйлөшүүлөрдү анын орун басары, Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Эдил Байсалов жүргүзүп жатканын айтып чыккан.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров британиялык “Rotschild and Co” компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен быйыл 6-февралда Бишкекте жолугушуп, улуттук стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулаганын өкмөттүн сайты кабарлаган.

Май айынын ортосунда Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түшкөн.

Документтин маалымкат-негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.

Президент Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Тоңдогу Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG