Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Байболов бийликтеги коррупция тууралуу парламентте кеңири маалымат берет


Бул тууралуу “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов бүгүн “7-апрель – бир жылдан кийин” аттуу жыйында билдирди. Анын айтымында, жакын арада мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов парламенттеги кеңейтилген комитеттик жыйынга чакырылып, бийликтеги коррупциялык иштер тууралуу кеңири айтып берет. Анын айтымында, К.Байболовдун баяндамасын угууга Жогорку Кеңештеги бардык фракциялардын лидерлери чакырылат.

1-апрель күнү К.Байболов Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп, президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган бийлик башындагыларды айыптап, коррупциялык схемалар болушу мүмкүн болгон айрым маалыматтардын четин чыгарган. Андан бир күн мурда президент Р.Отунбаева аны моралдык-этикалык негиздерге таянып, “Альфа-Телекомдун” айланасында териштирүү жүрүп жатканына байланыштуу кызматтан алган. (IJz)

XS
SM
MD
LG