Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Кыргыз-тажик чек арасында дагы бир жаңжал катталды


Окуя бүгүн Баткен облусундагы Таш-Тумшук айылына жакын жердеги чекте Тажикстандын аймагында болгонун “Азаттыкка” ал окуяга күбө болгон айыл тургундары айтышты. Андан жабыркагандар бар-жогу азырынча белгисиз. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, окуя болгон Жеке -Өрүк кыштагында азыр Кыргызстан тараптан 200дөй адам чогулуп турат. Тажикстан тарапта да адамдар жыйналып калганы айтылды. Күч органдары да ал жерге барышканы белгилүү болду. Толук маалыматты бир аз убакыттан кийин ошол жердеги кабарчыбыздан билгенге аракет кылабыз. (TD)

XS
SM
MD
LG