Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

АТЭКтин жыйыны аяктады


Сингапурдун премьер -министри Ли Сян Лун жыйында кабыл алынган чечимдерди маалымдады.
Сингапурдун премьер -министри Ли Сян Лун жыйында кабыл алынган чечимдерди маалымдады.

Кечээ Сингапурда Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун жыйыны аяктады. Корутунду декларацияда эл аралык эркин жана ачык соода-сатык системасына өтүү зарылдыгы белгиленди.

Корутунду декларацияда "туруктуу өнүгүүнү жана аймактагы байланыштарды чыңдоону" көздөгөн кадамдар аталат. Мындан тышкары ага XXI кылымда Азия-Тынч океан алабы үчүн Сингапур өкмөтү иштеп чыгып, жыйынга сунуш кылган өсүштөрдүн жаңы үлгүсү жөнүндөгү документ да тиркелди.

Келерки жылы АТЭК узак мөөнөттүү комплекстүү өнүгүүнүн стратегиясын кабыл алганы жатат. Тогуз беттен жана тогуз бөлүмдөн турган кечээки декларацияда ошол стратегияда аныктала турган багыттар сомолонду.

"Дохадагы сүйлөшүүлөрдү эмдиги жылы аяктайбыз,протекционизмдин ар кандай түрүн четке кагабыз,-деп айтылат Сингапурдун премьер-министри Ли Сян Лун окуп берген декларацияда. – Эркин соода жана ачык рыноктор Азия-Тынч океан аймагынын мындан аркы гүлдөп-өнүгүшү үчүн чечүүчү мааниге ээ болот". АТЭК ошондой эле товарлардын, инвестициялардын эркин агымына бөгөттөрдү түзүүнү да четке кагат.

Форумга катышкандар дүйнөдөгү туруктуу жана теңдемдүү экономикалык өнүгүү арымын чыңдап, аны сактап калуу үчүн жарнакташып аракет кылганга сөз беришти.

Жыйынга келатып, Токиого токтогон АКШ президенти Барак Обама азиялык өлкөлөрдү товарлардын экспортуна көз каранды болбогон экономиканы өнүктүрүүгө чакырган эле. Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао эл аралык соода-сатыктагы ачыктык, протекционизмди ооздуктоо дүйнөлүк экономиканы кризистен чыгарганга жардамдаша турганын белгиледи. Ал эми Россиянын президенти Дмитрий Медведев экономикалык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын бөлүп көрсөттү.

Корутунду декларацияда коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, бул үчүн адилеттүү башкаруу системасын камсыз кылуу чаралары аталды.

АТЭКтин лидерлери климат проблемасы боюнча Улуттар Уюмунун эмдиги айда Копенгагенде белгиленген конференциясына даярдык маселелерин да талкуулашты. Буга байланыштуу Даниянын өкмөт башчысы Ларе Лекке Расмуссен атайын Сингапурга учуп келген эле.

"Экономикалык өксүксүз өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Копенгагенде масштабдуу натыйжаларга жетишүү үчүн биргелешип иштейбиз, климаттын өзгөрүшүн токтоткону эл аралык милдеттенмелерибизге ылайык күч-аракеттерди жумшайбыз", -деп билдирди жыйындын атынан сингапур премьери.

Байкоочулар белгилешкендей, АТЭКтин өлкөлөрү Киото протоколунун ордуна түзүлө турган жаңы документке байланыштуу саясий мунаса тапканга даяр экенин ырасташканы менен баарыга бирдей милдеттүү келишимге Копенгагенде кол коюулушу көп жагынан арсар.

АТЭКке Чыгыш Азиянын жана Американын 21 өлкөсү кирет, аларда 2,7 миллиард калк, же жер шарындагы элдин 40 проценти жашайт. Дүйнөлүк ички дүң продукциянын 54 проценти, жалпы сооданын 44 проценти АТЭКтин үлүшүнө туура келет.

XS
SM
MD
LG