Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Абхазия: шайлоодо президент Багапш ордун сактап калды


Абхазияда 13-декабрда өткөн президенттик шайлоодо учурдагы лидер Сергей Багапш алга озуп чыкты. Абхазиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Батал Тапагунун айтымында, ал үчүн шайлоочулардын 59,37 пайызы добушун берген.

Сергей Багапшка шайлоодо ишкер Беслан Бутба жана президенттин мурдагы орун басары Раул Хаджимба атаандаш болушту. Оппозициянын өкүлдөрү шайлоо алдында бир топ бурмалоолор орун алганын билдиришти.

Президенттик үчүн талапкерлер Раул Хаджимба менен Заур Ардзимба БШКга кайрылуу жолдошту. Анда күтүлбөгөн эле жерден добуш берүүчүлөрдүн саны кескин көбөйүп кеткени шек туудурарын белгилешкен. Раул Хаджимба буларды айтты:

- БШК бардыгы жайында жана ойдогудай болду дей берет. Чындыгында, канчалаган шайлоочулар алданышты. Биз ушундай бурмалоолорду ачыкка чыгарууга аракеттенебиз.

Батыштык журналисттердин баамында, расмий Москва шайлоодогу атаандаштардын бирин да колдоого алган эмес. Себеби 2004-жылкы президенттик шайлоодо талапкерлердин ортосундагы талаш Сухумиде козголоңго түрткү болгон.

Таза шайлоо элеси

Би-Би-Си үналгысынын кабарчысынын маалыматы боюнча, аймакка келген инвестициялардын 90 пайызы - Орусиядан. Натыйжада, акыркы учурда көпчүлүк жерлерде шарап өндүрүү жолго коюлуп, 2009-жылы 7 миллион шише шарап чыккан.

Абхазиянын лидери Сергей Багапш
Абхазияда добуш берүүчүлөрдүн саны 200 миңден ашат. Бирок грузин улутундагылар жыш жайгашкан аймактарда маанай таптакыр башка. Аларга Абхазиянын паспорту берилбегендиктен шайлоого катышышкан эмес.

Шайлоо тууралуу москвалык укук коргоочу Александр Брод буларды айтты:

- Оппозициянын өкүлдөрү ырастагандай орой түрдө бурмалоолорду добуш берүү учурунда көргөн жокмун. Алар, кантсе да, уюштуруу маанайдагы мыйзам бузуулар.

Грузия өзүнүн жикчил аймагы катары эсептеген Абхазияда өткөн шайлоону “маскарапоздун оюну” деп баалады. Расмий Тбилиси бул аймакта 3 миң 600дөй аскерин жайгаштырган Орусия бул шайлоону өнтөлөп жүзөгө ашырганын билдирген.

2008-жылы августта Грузия менен Орусия ортосундагы кыска мөөнөттүү согуштан кийин Москва Абхазия менен Түштүк Осетияны көз карандысыз өлкө деп тааныган.

XS
SM
MD
LG