Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

Карзайдын планы канчалык жөндүү?


Карзай талибдер менен элдешүү планына Батыштын колдоосун алууга үмүттөнүүдө.

Карзай талибдер менен элдешүү планына Батыштын колдоосун алууга үмүттөнүүдө.

28-январда Лондондо Ооганстан боюнча эл аралык конференция өтөт. Ооган президенти Хамид Карзай бул маанилүү жыйынга Талибан менен элдешүүнү караган план даярдады. Анын сунушу 26-январда Ооганстанга коңшу өлкөлөрдүн Стамбулдагы жыйынында колдоо тапты. Карзайдын планы канчалык жөндүү?

Хамид Карзай талибдердин кайсыл катмары менен жарашууну көздөп жатканы тууралуу Стамбулдагы пресс-конференцияда буларды белгиледи:

- Албетте жалгыз эле аскерий чечим жарабайт. Биз бул жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун үстүндө улам көбүрөөк иштешибиз керек. Өзгөчө ооган талибдери, “ал-Каида” жана башка террордук түйүндөргө кирбеген талибдер жөнүндө сөз кылганда. Биз алар менен сүйлөшүүнү жана саясий, экономикалык өнүгүү, ынандыруу жолу аркылуу ымалага келүүнү каалайбыз.

Стамбулда Ооганстандын коңшулары, атап айтканда Пакистандын президенти, Иран, Кытай, Тажикстандын расмий өкүлдөрү катышкан жыйынында Карзайдын планы колдоо тапты. Жыйынга Түркия президенти Абдулла Гүл төрагалык кылды. Карзай эми планына Лондон конференциясында Батыштын да колдоосун алууга үмүттөнүүдө.

Конференцияга АКШ менен Европанын расмий адамдарынан тышкары 60тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Хамид Карзайдын кеңешчиси жана Талибан менен элдешүү боюнча жаңы пландын архитектору Мохаммад Масум Станикзай өлкөдө мындай демилге үчүн кырдаал бышып жетилди деп эсептейт:

- Менимче оогандардын көбү кыянатчылыктар эч бир тараптын кызыкчылыгына жооп бербейт деген жыйынтыкка келишти. Бул Талибандын же Ооганстандагы башка калктын кызыкчылыгындагы иш эмес. Бизде азыр каалагандардын баары саясий агымга киргидей шарт бар. Ооган Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, ал жол аркылуу баары бийликке жана саясатка аралаша алат. Биз муну кылмышкерлер менен элдешүүнү көздөгөн тынчтык программасы же жөн эле үгүт амал катары карабашыбыз абзел.


Кеңешчи Станикзай “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, план боюнча Талибандын мүчөлөрүнө иш орундары жана коопсуздук кепилдиги сунуш кылынат. Кабулдун жарашуу боюнча буга чейинки пландарында мындай нерсе каралган эмес болчу.

Жарашуу жараянынын башталышы катары план боюнча оогандардын салттуу жыйыны - Лоя жирга же уруу башчыларынын курултайы чакырылуусу керек. Анда козголоңчуларды саясий системада аларга да орун табыларына ынандыруу үчүн улуттук мунасаны иштеп чыгуу белгиленген. Бул жараянда Пакистан менен Сауд Аравияга олуттуу роль ыйгарылат. 1990-жылдары Талибан режимин каржылаган бул эки өлкөнүн азыр да талибдердин башкы очокторуна таасири бар деп эсептелинет.

Пакистандык журналист Ахмед Рашиддин пикиринде, Карзайдын элдешүү планына карата Батыштан колдоо бар экенине карабай, балким Лондон конференциясы олуттуу бурулушка жетишкидей негиз алдын ала даярдалган жок:

- Тилекке каршы мен сүрөткө түшүүнүн гана дагы бир мүмкүнчүлүгүн көрүп турам. Анда Талибан согушкерлерин турмушка аралаштырууга, өкмөт менен элдештирүүгө аракеттенген план өңдүү жарыялар жасалат. Бирок бул жарыяларды даярдык жакшыраак көрүлгөнгө чейин оңой эле калтырып койсо деле болот.

Ооганстанда көп жылдар бою иштеген европалык дипломат Мартина вон Байлет Лондон конференциясын “белги жана дем берүүчү” гана жыйын деп эсептейт.

Анын көз карашында оогандар үчүн да, эл аралык коомчулук үчүн да азыр башкы артыкчылык - коопсуздук үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү күчтөрдүн өткөрүп алуусу. Ал эми Талибан менен элдешүү планы - татаал маселе:

-Бул жерде стратегиялык жактан жакшы ойлонуу болгон жок. Мунун бардыгы кантип шайкеш келет? Эгер сиз тынчтык жараянын көздөсөңүз, ишеним орнотушуңуз керек. Чабуулдар күчөп, иш жүзүндө адамдарды сатып алууга аракет көрүлүп жаткан шартта, муну жасаш абдан кыйын. Андыктан ишке ашуусу ыктымал деген нерселер боюнча потенциалдуу карама-каршылыктар бар экендиги анык.

Айтор Лондон конференцияда Карзай элдешүү планын сатууга аракеттенсе, Батыштагы колдоочулары андан жергиликтүү күчтөр коопсуздукту акырындык менен өткөрүп алуусу боюнча милдеттемени күтчүдөй.

Маалымат каражаттарында жакында чыккан кабарларга караганда, эл аралык коомчулук ооган армиясы менен полициясынын саны келерки жылдын соңуна карата 300 миңге жеткирилүүсүн көздөөдө. Андыктан Карзай жана эл аралык коомчулук максаттарды гана макулдашпастан, артыкчылыктар боюнча ажырымын канчага жакындата алары да Лондон конференциясында аныкталчудай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG