Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Ооганстан: Маржанын тургундары эки оттун ортосунда калды


Маржада жүрүп жаткан операция АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясы үчүн да алгачкы маанилүү сынак катары каралууда.
Маржада жүрүп жаткан операция АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясы үчүн да алгачкы маанилүү сынак катары каралууда.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында НАТО жана ооган күчтөрүнүн Талибанга каршы ири операциясы жүрүп жатканына бүгүн жетинчи күнгө аяк басты. Кабарларга караганда, чабуулдун негизги бутасы -Маржа шаарында козголоңчулар аялдар менен жаш балдарды тирүү калканч катары пайдаланышууда.

Жүз миңдей тургуну бар Маржа шаары Талибандын Гилменд провинциясындагы башкы таяныч бекети жана контрабанданын канжолу деп эсептелинет. Шаарды талибдерден тазалап, ага көзөмөл орнотууну мерчемдеген операциясын НАТО жана ооган күчтөрү 12- февралда баштаган. Мындай масштабдуу операция 2001-жылы "Талибан" режими бийликтен кулатылгандан бери боло элек эле.

Маржанын кууш көчөлөрүнө, ага канатташ жайгашкан кыштактарда, аппийим эгилген талааларда, суу жүргөн арыктарда бекинип алган 1000дей согушкерге каршы НАТО жана Ооганстан тараптан 15 миңдей жоокер аракеттенип жатат. Маалыматтарга караганда, чабуул башталар алдында шаардын 10 миңдей тургуну башка коопсуз аймактарга кетип калууга үлгүргөн, бирок калган 90 миңдей адам атышуулар жүрүп жаткан калаада кала берүүдө.

Маржадан уруш башталганга чейин качып чыккан тургундардын бири Рахман
Шахтын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, ал шаарда калган туугандары жана достору менен байланышып жатат. Ал уккан маалыматтар боюнча уруштун негизги түйшүгү азыр жөн-жай тургундардын мойнуна түшүүдө:

-Мен билгенден жөн-жай тургундар капканда калды. Алар уруш башталганда машина же тапкан башка унаасы менен шаардан чыгып кетүүнү пландашканына карабай, жолдор миналангандыктан үйлөрүнөн кете алышкан жок. Азык-түлүгү түгөнө баштагандыктан, эми ачарчылыкка, ага кошумча суу тартыштыгына кабылууда. Адамдар азыр короосундагы малын союп жеп жатат. Тургундардын көбү шаарда калганы менен дүкөндөрдүн баары жабылган. Чыгып кеткендердин саны 10%дан да аз. Бизде өлгөндөрдү көмө албай, жаракат алгандарга жардам бере албай жатышат деген маалымат да бар.

НАТО операция башталгандан бери жөн-жай тургундардын 15и мерт болгонун ырастады, ал эми Ооганстандын укук коргоо уюмдары алардын саны кеминде он тогузга жеткенин билдирүүдө. Расмий маалыматка караганда, уруш башталгандан бери НАТО беш, ал эми ооган тарап бир жоокерин жоготкон. Ал эми Талибандын жоготуусу, Гилменд провинциясынын губернатору Гулаб Мангалдын ырастоосунда, кырктын тегерегинде.

АКШ аскерлери маржалык дыйкан менен. 18-февраль, 2010-ж.
Башында чабуулдун илгерилешине талибтер койгон миналар жана снайперлер тоскоолдук кылган эле. Эми ооган армиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, аскерлер башка маанилүү тосколдукка кабылды. Талибандын күчтөрү шаар тургундарын тирүү калканч катары пайдалануу менен окту калк арасына кирип алган жеринен атып жатат.

Атүгүл ооган армиясынын Маржадагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Мухиддин Горинин ырастоосунда, айрым учурларда аялдар менен жаш балдарга талиб согушкерлери таяныч бекет кылып алган имараттардын чатырлары менен айнектеринде турууга көрсөтмө берилгендей.

Анткен менен ооган армиясынын дагы бир өкүлү, полковник Мохаммад Икбалдын айтымында, кечээ шаарда Талибан тараптан жаалданган каршылык болгон жок. Ооган полковниги ага катар талиптер чабуул башталгандан бери деле айгышкан каршылык көргөзбөгөнүн кошумчалады:

-Биз айгышкан каршылыкка атүгүл АКШнын деңиз аскерлери менен ооган армиясынын биргелешкен операциясы башталгандан бери деле кабылган жокпуз. Талиптердин духу түштү, алар азыр дүйнөгө өзүнүн бар экенин көргөзүү үчүн маал-маалы менен жасалган терракттарга гана таянып жатышат.

Гилменд провинциясынын Маржага ушул шаршемби күнү ( 17-февраль) элдин муктаждыгын билүү үчүн барган губернатору Гулаб Мангал шаардын уруштан абдан талкаланган базарында ооган желегин көтөрдү. Губернатордун айтымында, ооган полициясы козголоңчулардан тазаланган аймакты акырындык менен өз көзөмөлүнө ала баштайт:

Гилменддин губернатору Гулаб Мангал Кабулдагы пресс-конференция учурунда.
-Бул тазалоо операциясы Маржаны террорчулардан жана куралдуу козголоңчулардан арылтат деп үмүттөнөм. Кудай буюруса, бул адамдардын мүдөөсүн орундатууга жана шаарда кадимки жашоонун орношуна жардам берет. Азыр Маржада уруштун кызыган кези жана ал тазаланып жатат.

Эң соңку маалыматтарга караганда, шаар тургундарынын бир бөлүгү Маржанын учурда ооган жана НАТО күчтөрүнүн бекем көзөмөлүнө өткөн түндүк бөлүгүнө качууга үлгүргөн. Ал аймакта айрым дүкөндөр ачылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG