Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Ахтисаариге Нобел сыйлыгы тапшырылды


Мартти Ахтисаари Ослодо Нобел тынчтык сыйлыгын алып жатат
Мартти Ахтисаари Ослодо Нобел тынчтык сыйлыгын алып жатат

Финляндиянын мурдагы президенти Мартти Ахтисаариге Нобел сыйлыгы тапшырылды. Бул сыйлыкка ал соңку отуз жыл ичинде дүйнөдөгү бир нече жаңжалдарды жөнгө салууга кошкон маанилүү салымдары үчүн татыктуу болду.

Сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Мартти Ахтисаари азыркы финансылык кризиске карабай дүйнөлүк коомчулукту “жакырчылыкка каршы күрөштү улантууга жана жаңжалдарды чечүүнүн жолдорун табууга” чакырды. “Эгер биз биргелешип иштесек, керектүү чечимдерди таба алабыз. Бийликте тургандардын эч кандай актанып-жактанганын кабыл алганга болбойт.Тынчтык – адамдын эркине байланышкан иш”, - деп билдирди Ахтисаари.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга кайрылып, Нобел сыйлыгынын лауреаты аны “тынчтыкка жетишүүнүн өтө кыйын долбоору” деп атады. Ошентсе да Ахтисаари бул жаңжалды чечүү ишин АКШнын жаңы шайланган президенти артыкча маанидеги маселе катары кабыл аларына ишеничин билдирди. Израил менен Палестина,Ирак менен Иран тартылган бул чатакты жөнгө салууга Евросоюз,Россия жана Бириккен Улуттар Уюму да катышууга тийиш.

Ахтисаари “согуштарды жана жаңжалдарды айныксыз иш” деп атады. Анткени “аларды адамдар өздөрү жаратат. Уруштун аркасында өз кызыкчылыгына жетүүнү көздөгөн күчтөр дайыма табылат. Бийлиги жана таасири бар адамдар согуштун тутанышына каскак боло алат. Ар кандай жаңжалды жөнгө салуунун жолун тапса болот.Аларды бүтпөс проблемага айлантуу кечиримсиз иш”.

Мартти Ойва Калеви Ахтисааринин эмгек жолу 1965-жылы Финляндиянын тышкы иштер министрлигине кызматка киргенден башталган. Жыйырма жылдай дипломатия чөйрөсүндө иштеген, Финляндиянын Танзаниядагы,Замбиядагы,Сомалидеги жана Мозамбиктеги элчиси, кийин Улуттар Уюмунун баш катчысынын Намибиядагы туруктуу өкүлү болгон. Намибиянын көз карандысыздыгын калыптоо ишине кошкон салымы үчүн бул өлкөнүн “ардактуу жараны” наамын алган. Бир нече жыл Улуттар Уюмунун Ирактагы, Босния-Герцеговинадагы структураларын жетектеген.

1994-жылы Финляндиянын президенти болуп шайланып,анын тушунда өлкө Евросоюзга өткөн, евро зонасына кирген. Президенттик кызматтан 2000-жылы кеткен соң Индонезияда жергиликтүү бийликтер менен Ачехтеги сепаратисттердин жаңжалын жөнгө салууга,Түндүк Ирландиядагы,Израилдеги сүйлөшүүлөргө катышкан.

Ахтисааринин тынчтык чөйрөсүндөгү ийгиликтүү иштеринин тизмесинде Косово да бар. Бирок анын провинциядагы албандар менен сербдердин талашын чечүүдөгү ролу бир беткей бааланган жок.

XS
SM
MD
LG