Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Германия 9-ноябрда Берлин дубалынын кулашынын жыйырма жылдыгын белгилейт. Эки Германиянын биригүүсү кансыз согуштун аяктап калганын көрсөткөн өзгөчө окуялардан болуп калган.

Тарыхтагы бул өзгөчө күн туурасунда Кыргызстандык белгилүү тарыхчы, профессор Олжобай Каратаев “Азаттыктын” суроосуна жооп берди. Окумуштуу менен кабарчыбыз Илим Жанузаков баарлашты.

“Азаттык”:
- Олжобай мырза, мына ушул тапта Берлин дубалынын кулашынын жыйырма жылдыгына байланыштуу Германияда даярдыктар жүрүп, ар кандай иш-чаралар башталды. Негизи эле тарыхчылар “Берлин дубалынын жыгылышы, эки бөлүнгөн Германиянын биригүүсү боло турган нерсе болчу” деп айтып келишет. Деги эле сиздин көз карашыңызда Берлин дубалынын жыгылуусу дүйнөдө кандай окуя болуп калды?

Олжобай Каратаев: - Берлин дубалынын кыйроосун символикалык окуя катары караса болот. Анткени, бул жерде эки системанын ортосундагы кармашта, бир система экинчисине үстөмдүк кылып турарын аныктады. Берлин дубалынын кыйроосу менен бүтүндөй социалисттик, коммунисттик система өзүнүн жашоосун токтото баштаган эле. Батыш жана Чыгыш Германиянын биригүүсү, бул албетте боло турган нерсе болчу. Берлин шаарында, жалпы эле мамлекетте жасалма түрдө бөлүү узак убакытка созулганы менен акырында чындык жеңди деп эсептейм.

Германиянын жасалма түрдө экиге бөлүнүшүндө эки чоң согуштук блок турган. Алар СССР менен АКШ башында турган күчтөр. Кийин эки Германиянын биригүүсүнө ошол кездеги СССРдин биринчи жана акыркы президенти М.Горбачев жана Тышкы иштер министри болуп турган Э.Шеварнадзе да чоң ролду ойношкон.

Албетте, ал учурда эки Германиянын биригүүсүнө Батыш Германиянын жакын өнөктөштөрү болгон Франциянын ошол кездеги президенти Миттеран менен Улуу Британиянын премьер-министри Маргарет Тетчерлер каршы болуп, ачык эле айтышкан. Алар “Германиянын биригүүсү дүйнөдөгү тең салмактуулукту бузат, ошону менен бирге бул биригүү Франция менен Англиянын түбөлүк кызыкчылыктарына туура келбейт” деп айтышкан.

Себеби, Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштун келип чыгышына Германиянын ролу кандай болгонун бүт дүйнө билет. Алар кайрадан кубаттуу Германия болушун каалашкан эмес эле. Албетте бул жерде согуштук жагынан эле эмес, экономикалык жагынан алганда да Германия Европанын кубаттуу өлкөлөрүнүн бирине кирет. Бүгүнкү күндө да бириккен Германия дүйнөдөгү үчүнчү-төртүнчү экономика экенин далилдеп келатпайбы.

“Азаттык”: - Олжобай мырза, өзүңүз деле айтып өттүңүз, мындан жыйырма жыл мурда Улуу Британиянын ошондогу премьер-министри Маргарет Тетчер айым баш болуп эки Германиянын биригүүсүн колдомок тургай, тескерисинче андан чочулашкан эле. Дегеле ошол кезде Батыш Германияны кайсы өнөктөшү колдоп, биригүүсүнө катуу жардам берди. Батыш Германия ошондо кайсы өнөктөшүнө таянды?

Олжобай Каратаев: - Ооба. Германиянын биригишине түздөн-түз жардам берген, бул – Батыш Германиянын 1949-жылдан берки жакын өнөктөшү, аскердик жана саясий союздашы, 1955-жылы НАТОну (Түндүк атлантика аскерий альянсы) түзүүнүн негизги автору болгон АКШ болчу. АКШнын аскердик бөлүктөрү да негизинен Батыш Германияда жайгашкан. Ошол АКШнын кызыкчылыгы, анын менен катар жалпы батыштын кызыкчылыгы, албетте социалисттик системага, СССРге каршы багытталган эле. Ошондуктан батыштын экономикасы, АКШнын экономикасы образдуу түрдө айтканда Берлин дубалынын кыйрашына багытталды. Эгер тагыраак айтсак, социалисттик системанын талкаланышы дал ошол Берлин дубалынын кыйрашынан башталат.

“Азаттык”: - Ошол кездери ансыз деле СССР чирип, түбүнөн талкаланып бараткан делет эмеспи. Бирок, ошол кезде СССР империясынын башында турушкан Михаил Горбачев, Эдуард Шеварнадзелердин жүргүзгөн реформалары канчалык денгээлде ошол социалисттик системанын кыйрашын тездетти?

Олжобай Каратаев: - 1985-жылы “Кайра куруу” деген реформалык саясат башталган эле. Анын автору, бул – М.Горбачев жана жакын өнөктөштөрүнүн бири Э.Шеварнадзе болгон. Ал реформа СССРдеги коммунисттик-социалисттик системанын тез талкаланышына алып келди.

Албетте, Берлин дубалынын кыйрашына чейин эле СССР, социалисттик система, дегеле система катары өзүн-өзү актабай калган эле. Ал система негизи эле моралдык, саясий-экономикалык жактан алганда деле кыйроого жакындап калган болчу. Ал үчүн бардык шарттар түзүлүп калган эле.

Эки системанын ортосундагы күрөштө батыш экономикасы, рыноктук экономика өзүнүн күчтүү экенин далилдеп, СССР кыйроо алдында турган. Ал эми Берлин дубалынын кыйрашы, образдуу айтканда бүтүп калган системанын кыйроосунун башталышы болчу.

“Азаттык”: - Олжобай мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Тасмада: Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл

Берлин дубалы ураганына жыйырма жыл толду. Бул окуяны утурлай Бишкектин көчөлөрүндө "Сиз бул тууралуу кабардарсызбы?" деген суроо узаттык. MiT.

XS
SM
MD
LG