Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Азиз Бейшеналиев: “Мустафа Шокай” өз максатына жетти


Азиз Бейшеналиев. Film.ru сайтынан

Азиз Бейшеналиев. Film.ru сайтынан

20-ноябрда Алматыда режиссер Сатыбалды Нарымбетовдун “Мустафа Шокай” тасмасынын бет ачаары өттү. Көп жылдар бою “эл душманы” аталып келген Мустафа Шокайдын тагдырына тасмада башкача баа берилген. Башкы ролду кыргыз актеру Азиз Бейшеналиев аткарган.

Төрөкул Дооров: Азиз, биз сиз менен бир жарым жылдай мурдараак Прагада жолугушкан элек. Ал учурда сиз Түркстандын атактуу саясий ишмери Мустафа Шокай жөнүндө тасмада башкы ролдо тартылып жүргөн кезиңиз болчу. Бир нече күн мурун Казакстанда ал тасманын ачылыш аземи өттү. Көрармандар, сынчылар тасманы кандай кабыл алышты?

Азиз Бейшеналиев: Билесиңби, кинону адамдар кандай кабыл алышканын билүү мен үчүн бир топ кыйыныраак, анткени мен Казакстанда жашабайм (Азиз акыркы он эки жылдан бери үй-бүлөсү менен Москвада турат – ред.). Андыктан мен ал жерде аябай аз убакыт өткөрөм. Өткөн сентябрь айында Астанада “Евразия” кинофестивалы өттү. Ошол жерде фильм алгачкы жолу көрсөтүлгөн. Кийин Алматы, Астана шаарларында да 20-ноябрда фильмдин ачылышы болду. Андыктан ал жердеги гана адамдардын пикирине таянып, реакция тууралуу айтсам, бир топ жаңылыштык болуп калат го деп ойлойм. Анткени калган канчалаган адамдардын тасма тууралуу оюн билүүгө мүмкүн болгон жок.

Менимче, тасма өзүнүн негизги милдетин аткара алды - мен дагы аны тарткан адамдардын катарында ошол милдетти алдыма койгом – ал коомдо кызуу талкууну жаратты. Тасма бул темага, Мустафа Шокайдын тагдырына, анын ишмердүүлүгүнө кызыгууну жаратты. Мен фильм тууралуу ар түрдүү, кээде такыр бири-бирине карама-каршы келген ойлорду уктум. Айрымдар аябай макташса, дагы бирөөлөргө ал такыр жакпаптыр.

Мустафа Шокай тууралуу сүйлөгөндө анын ишмердүүлүгүнүн идеологиялык өңүтү мени кызыктырбайт. Анын саясий ишмердүүлүгү чынында өзгөчө урматка татыйт. Ошентсе да аны 1991-жылга чейин кандай өңүттө көрсөтүп келишкени, бүгүн кандай көрсөтүп жатышканы мени ойлондурбайт. Мен үчүн эң башкысы ал киши ошол учурдагы абал анын өзүнүн жеке өмүрүнө чоң коркунуч туудуруп жатканына карабай, адамдардын өмүрүн сактап калганында болду. Ошон үчүн мен Мустафа-саясатчыга эмес, анын жөнөкөй адам катары образына кызыккам.

“Евразия” фестивалынан кийин уюштурулган маалымат жыйынында журналисттер мага көптөгөн суроолорду берип жатышты. Бирок алардын арасында бир аял суроо бербей эле, кызыкча жылмайып отурганын көрдүм. Пресс-конференция бүткөндө жанагы аял жаныма келип, баягыдай эле күлүп турган. Бирок бул жолу көздөрүнөн жаш агып жатканы байкалды. Көрсө ал аял Мустафа Шокай учурунда өмүрүн сактап калган адамдардын биринин кызы экен. Анын атасы немистердин концлагерлеринен да, сталиндик лагерлерден да чыгып, акыр аягында өз мекенине кайтып баргандардан экен. Алардын үй-бүлөсүн өмүр бою “эл душманы” деп атап калышканын айтты. Ал мага бул тасма үчүн ыраазычылыгын билдирип: “Атам көзү тирүү болгондо, аябай сүйүнмөк”, - деди. Бул – мен үчүн эң башкы нерсе.

Төрөкул Дооров: Интервьюга даярданып жатып, мен да интернетте “Мустафа Шокай” тууралуу анын ачылышына барып келген адамдардын ойлорун топтогонго аракет кылдым. Ойлор, сиз айткандай, такыр бири-бирине карама-каршы келет. Сиз мында өз заманынын улуу саясий ишмерлеринин биринин ролун аткардыңыз. Бирок сиз ага чейин “Параграф-78” сыяктуу көңүл ачуучу экшн-фильмдерде да ойногонуңуз белгилүү. Сиздин өзүңүзгө актер катары кандай ролдор жакыныраак деп ойлойсуз?

Азиз Бейшеналиев: Мен, эң оболу, актермун. Актер үчүн түрдүү ролдордо ойноо кызыктуу. Мага ар түрдүү жанрдагы тасмаларда ойногон жагат. Бул эки тасманы салыштыруу туура эмес чыгаар. Анткени ал экөөнүн жанрдык өзгөчөлүгү да, көтөргөн жүгү да ар башка. “Параграф-78” мага согуштун ойномолугу жагынан жаккан. Биз баарыбыз эле бала кезде мылтык атышмай ойногонду жакшы көрчүбүз. Бул тасма бала кездеги кыялды кайсыл бир деңгээлде кайталап ойногондой түр калтырды окшойт. Ал эми “Мустафа Чокай” мага башкасы менен кызыктуу болчу. Ал – өтө терең психологиялык баян, өтө оор эмгек.

Төрөкул Дооров: Көбүрөөк интеллектуалдык иш болсо керек...

Азиз Бейшеналиев: Ооба. Мен тасмага тартылаардын алдынан өтө көп материалдарды окуп чыгышым керек болду. Анткени бул баары бир жөнөкөй уруш-фильм эмес да. Менин өзүмө ушул ишти профессионал актер катары жана жөн гана адам катары кантип аткараарым кызык болду.

"Мустафа Шокай" тасмасын Прагада тартуу учурунда, 2006-жыл, август
Төрөкул Дооров:
Азиз, бул, чынында эле, өтө олуттуу тасма. Актер үчүн да мындай тасмада ойноо, улуу инсандын психологиялык да, башка да образын көрсөтүү жеңил иш эмес болсо керек... Сизге андан бери мына ушул өңдүү олуттуу тасмаларда тартылууга сунуш түштүбү?


Азиз Бейшеналиев: Чынында, актерлорго бул өңдүү ролдор өтө сейрек сунуш кылынат. Балким, жашоодо бир гана ирет сунушталып калышы мүмкүн. Кээ бир актерлор бир жолу да мындай ири ролдорду аткарбай өтүп кетишет. Андыктан мунун өзү үчүн эле, толтура актерлордун арасынан мени тандаган режиссер Сатыбалды Нарымбетов агайга чексиз ыраазымын. Анткени мен анда да, азыр да өзүмдүн актердук тажрыйбам бул өңдүү тасма үчүн аздык кылаарын, жеке психологиялык багажым да бай эмес экенин түшүнөм. Мен өзүмө-өзүм ишенбей, бул тасмада ойноого макул болгом. Бирок режиссер мага ишеним артты, бул ролго мени тандады. Эми анын үмүтү акталдыбы-жокпу – айтыш кыйын.

Мен тасманы Алматыда, кийин Астанада эки ирет көрсөм да, ага азырга чейин сырттан баа берип көрө албайм. Балким, белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин ага карата объективдүү көз-карашым калыптанаар. Ошондуктан азырынча сынчылардын, кино жөнүндө жазган журналисттердин гана пикирлеринин негизинде сүйлөсөк болот. Менин айтаарым – тасманы көргөндөн кийин менин жубайым экөөбүз бирге жашаган канча жылдан бери алгачкы ирет “Сен мыкты актер турбайсыңбы”, - деп калды. Адатта ал бул өңдүү бааларды оңою менен бере бербейт.

Төрөкул Дооров: Азиз, сизге кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG