Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Беларус журналистинин табышмактуу өлүмү


Олег Бебенин
Олег Бебенин

Беларуста “Хартия 97” деген интернет сайттын негиздөөчүсү Олег Бебениндин асылган сөөгү 3-сентябрда өз дачасынан табылган. Тергөө органдары ал өзүн-өзү өлтүрүшү мүмкүндүгүн айтса, маркумдун кесиптештери, достору мындай жоромолго ишенген жок.

Европарламент беларус бийликтерин оппозициячыл журналисттин табышмактуу өлүмүн толук жана ачык иликтөөгө чакырды. Төрага Ежи Бузек өз билдирүүсүндө маркум Олег Бебенин "демократиялуурак Беларустун курулушу" үчүн күрөшкөнүн белгилейт. Ал беларус бийликтеринин дарегине жолдогон чакырыгында журналисттин трагедиялуу өлүмүнүн бардык жагдайларын аныктоо үчүн ар тараптуу жана ачык иликтөө жүргүзүү зарылдыгына токтолгон.

Оппозициячыл маанайдагы “Хартия 97” интернет сайтынын негиздөөчүсү жана редактору Олег Бебениндин асылып турган сөөгү 3-сентябрь күнү Минскинин чет жакасындагы Дзержинск районунун аймагындагы дачасынан табылган. Бебениндин кесиптештеринин бири Дмитри Падбиарезки маркумду мындайча эскерди:

- Олег курч журналист эле. Башкалар абдан этияттанган маселелерге сүңгүп, кирип кетчү. Бир ирет жарандык кийимчен адамдар аны унаага күчтөп салып, токойго алып кеткен учур эсимде. Балким алар коркутууга аракеттенишкен. Бул ал кандай иштегенине карата жооп эле.

Беларус бийлиги өлкөдө сөз эркиндигин муунтат деп айыпталып келет.
Алгачкы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин эле тергөөчүлөр Бебенин өз жанын өзү кыйган болушу керек деген жоромолун билдиришти. Бирок болгону 36 жаштагы журналисттин табышмактуу өлүмү көп суроолорду жаратууда. Бебениндин досторунун жана кесиптештеринин айтымында, анын дачасынан кандайдыр бир кат табылган эмес, мобилдик телефонунан жөнөткөн акыркы смс каттар, ал өзүн өзү асууга эмес, достору менен киного барууга камынып жаткандыгын күбөлөндүрүп турат.

5-сентябрда Минскиде болгон демонстрация учурунда “Европалык Беларус” деген жарандык өнөктүктүн координатору, маркум журналисттин жакын санаалашы Дмитрий Бондаренко буларды айтты:

- Биз бул жерде өзүн өзү өлтүрүү болгонуна ишенбейбиз, себеби буга жүйө жок эле. Биздин алдыбызда президенттик шайлоо өнөктүгү турат. Олег ал өнөктүктө оппозициячыл талапкер Андрей Санниковдун штабында чоң роль ойноосу керек болчу.

Ал эми БелаПан маалымат агенттигинин аналитикалык долбоорлорунун жетекчиси, саясат тануучу Александр Класковскийдин пикиринде, журналист өз жанын өзү кыйды деген версияга коомчулукта эч ким ишенбай жатканы менен расмий структурлар дароо эле жарыяланган ушул версияны акыр аягына чейин карманчудай. Ал “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, Беларустагы режимдин буга чейинки репутациясы жана алдыдагы президенттик шайлоо да расмий версияга ишенбеген маанай жаралышына түрткү берген факторлордон:

Журналисттин жакындары 6-сентябрда аны акыркы сапарга узатышты.
- Беларус бийликтеринин репутациясы начар экенин, режимге каршы чыккандар менен байланыштуу өз убагында саясий жоголуулар болгонун, прессага каршы узак убакыт бою репрессиялар жүргүзүлгөнүн, журналисттер жабыр тартканын эске алганда бул трагедияны түнөрткөн жагдай жаралууда. Анын үстүнө президенттик шайлоонун алдында бул трагедия, тилекке каршы, албетте ар кандай күчтөр тарабынан саясатташтырылат, пайдаланылат жана түшүндүрүүлөрү бири-бирине карама каршы болот. Айтсак азыр эле бул Чыгыштагы коңшуга же Орусияга Беларустагы режимдин репутациясына да көлөкө түшүрүү үчүн пайдалуу болушу ыктымалдуулугун ишара кылган макалалар чыга баштады. Анткени Александр Лукашенко менен Москванын мамилеси азыр белгилүү болгондой абдан чыңалып турат жана маалымат согушу жүрүүдө.

Беларустагы кезектеги президенттик шайлоо ушул жылдын соңунда өтөт деп күтүлүүдө. Европанын “акыркы диктатору” атыккан Александр Лукашенконун ал шайлоого катышуу укугу бар. Маркум Олег Бебенин редакторлук кылган “Хартия 97” интернет сайты 1998-жылы негизделген. Талдоочу Александр Класковскийдин айтымында, бул оппозициянын эң белгилүү жана коомго таасирлүү интернет ресурсу:

-“Хартия 97” - оппозициянын эң таанымал, эң белгилүү, анын үстүнө эң курч ресурсу. Бийлик абдан катаал сынга алынат. Андыктан албетте кимдир бирөөлөрдө бул ошол сын, ошол курчтук үчүн жазалоо деген ой пайда болушу мүмкүн.

Александр Класковский ага катар баяндамачылар арасында президенттик шайлоо алдында оппозициячыл журналисттин көзүн тазалоо Беларустагы режим үчүн пайдалуу болмок эмес деген көз караштар айтылып жатканын кошумчалады.

Маркум Олег Бебениндин артында жубайы жана эки баласы калды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG