Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Ватикан жөөттөрдүн жинине тийди


Рим папасы Израилди капа кылууну эмес, католик чиркөөсүн бириктирүүнү максат кылган дешет
Рим папасы Израилди капа кылууну эмес, католик чиркөөсүн бириктирүүнү максат кылган дешет

Ватикан менен Израилдин мамилеси жарым кылымдык убактан берки эң начар абалына жетти көрүнөт. Рим католик чиркөөсүнөн куулган епископ «Холокост чынында болгон эмес» деп чыкты. Ал епископту чиркөөдөн кууп жиберүү боюнча жарлыкты жакында Рим папасы Бенедикт-XVI жокко чыгарып, муну менен жөөт лидерлеринин кыжырына тийди. Ошентип, Рим папасы май айында ыйык шаарга да барбай кала тургандай болуп турат.

Бенедикт-XVI үчүн жагымсыз кабарлар улам биринин артынан экинчиси агылып жаткандай болду. 28-январда Рим папасы Бенедикт-XVI Ватиканда зыяратчылар менен жолугушуу учурунда британиялык епископ Ричард Виллиямсондун Холокосттун болгонун четке каккан билдирүүлөрүн жокко чыгарууга аргасыз болду. Бул епископту папа өткөн жумада эле реабилитациялоо жөнүндө чечим кабыл алып, анын айынан жөөт лидерлеринин сынына кабылган эле.

Бир нече күн мурда Виллиямсон швед сыналгы каналынан сүйлөп, анда «нацисттер, тарыхчылар айтып жүрүшкөндөй, 6 миллион жөөттү өлтүргөн эмес, Холокост учурунда набыт болгон жөөттөрдүн саны 300 миңден ашпайт» деген болчу.

Британиялык бул епископ өзү 1960-жылдарда Рим-католик чиркөөсүнөн бөлүнүп кеткен «Ыйык Пий-X үммөттөрү» деген жамааттын мүчөсү. Бул жамаат епископтун айткандарын өзүнө алган жок. Бирок бир нече күндөн кийин аталган жамааттын италиялык бир мүчөсү Экинчи дүйнөлүк согушта жөөттөр газ менен өлтүрүлгөнүнө да ишенбей турганын айтты.

Рим папасы Бенедикт-XVI чиркөөдөн куулган бул топтогуларды кайра реабилитациялоо менен аларды католик чиркөөсүнүн курамына алууну максат кылганы айтылат.

Ватикан боюнча белгилүү эксперт Жон Аллен буларга токтолду: «Албетте, Рим папасы бул чечимди Холокостту четке кагуу же антисемитизмди жайылтуу ниетинде кабыл алган жок. Муну менен ал Рим католик чиркөөсүнүн өзүндө дээрлик бир кылымдан бери болуп келген жараканы бүтөөнү максат кылды. Анткен менен бул маселе коомдо такыр натуура талкууланып жатат»

Италиялык динаятчынын билдирүүсүнөн кийин немис жөөт коомчулугунун жетекчиси Реверенд Флориано Абрамович расмий түрдө католиктер менен диалогун токтотконун жарыялады. Израилде болсо башкы раввин мартта Римге барып, Ватикандагы расмий адамдар менен жолугушмак – ал визитин да токтотконун билдирди.

Британиялык епископтун билдирүүсүн голланд өкмөтү сынга алып чыкты. Холокостту жокко чыгаруу кылмыш деп эсептелген Германияда болсо прокурорлор Виллиамсонго каршы кылмыш ишин да козгошту.

Аналитиктер бирок Рим папасынын аракеттерин Виллиамсондун айткандарын колдоо катары эмес, кеңирирээк алкакта католик чиркөөсүнүн өзүндөгү бөлүнүп-жарылууну токтотуу, биримдикти калыбына келтирүү ниети деп караш керек дешет.

Рим папасы ушул жылы майда христиандардын ыйык Вифлеем шаарына бармак. Ал сапар да акыркы жагымсыз окуялардын айынан кийинкиге калтырылышы мүмкүн экени айтылууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG