Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Британия: Эки партиялуу өкмөт жана эки кылымдагы эң жаш премьер


Дэвид Камеронго чейин коалициялык өкмөттү акыркы ирет 1940-жылдары Уинстон Черчилль жетектеген.
Дэвид Камеронго чейин коалициялык өкмөттү акыркы ирет 1940-жылдары Уинстон Черчилль жетектеген.

Британияда 12-майда Дэвид Камерон өлкөнүн жаңы премьер-министри катары алгачкы иш күнүн баштады. Ал кайнаса каны кошулбаган эки партия түзүүчү коалициялык өкмөттү жетектери кечээ анык болду.

Британияда коалициялык өкмөт акыркы 70 жылдан ашуун убакыт ичинде алгачкы ирет түзүлүп олтурат.

Британ саясатчыларынын бул ирет коалициялык өкмөт курууга аргасыз болгондугунун башкы жүйөөсү - өткөн бейшембидеги шайлоодо бир дагы партия парламенттин төмөнкү палатасындагы 650 орундун жарымынан көбүн ээлей албагандыгы. Бирок орундардын көбүрөгү акыркы 13 жылдан бери оппозицияда турган Консервативдик партияга тийди, экинчи орунду бийликтен кеткен Лейбористтик, үчүнчүнү Либерал-демократиялык партия алды. Өлкөнүн акыркы 70 жылдан ашуун убакыт ичиндеги алгачкы коалициялык өкмөтүн шайлоо өнөктүгү учурунда көп маселелер боюнча карама –каршы турумду карманган, жарнакташып иштери ойго келбеген Консервативдик жана Либерал –демократиялык партия түзүштү. Алар бириккенде парламентте 363 добушка ( консерваторлор 306, либерал –демократтар 57) ээ.

“Бул кыйын жана татаал иш болот. Коалиция көп көйгөйлөргө кабылат. Бирок мен биз бирге, өлкөбүз абдан муктаж болуп турган, үй-бүлөнү, коомду калыбына келтирүү, баарыдан мурда өлкөдөгү жоопкерчиликти калыбына келтирүү боюнча баалуулуктарга негизделген күчтүү жана туруктуу өкмөттү камсыз кыла алабыз”,-
деди консерваторлордун лидери Дэвид Камерон премьер- министр катары алгачкы сөзүндө.

43 жаштагы Камерон Британиянын дээрлик 200 жылдык тарыхындагы эң жаш премьер- министр болот. Батыш басма сөзү келтирген маалыматтарга караганда, ал теги боюнча аристократтардын тукумунан. Ага чейин коалициялык өкмөттү 1940- жылдары айтылуу Уинстон Черчилль жетектеген экен. Жаңы өкмөттө консерваторлор тышкы иштер министри, каржы министри өдүү маанилүү кызматтарды алды. Алар менен коалиция түзүүгө макул болгон Либерал –демократиялык партиянын лидери Ник Клегг премьер- министрдин орун басарлык кызматына отурду. Өкмөткө андан сырткары бул партиядан дагы төрт өкүлү кирет.

Британиянын кайнасы каны кошулбаган эки партиясынын өкмөттүк коалиция курушу тараптар шайлоодон кийинки сүйлөшүүлөрүндө мунасага жана бири-экинчисине чегинүүлөргө барды дегенди туюндурат.

Маселен, консерваторлордун айтымында, алар либерал –демократтардын добуш берүү системасын өзгөртүү боюнча референдум чакыруу планына көндү. Ошондой эле консерваторлор британ парламентинин белгиленген мөөнөт аралыгында гана иштөөсүнө макул. Эми кезектеги шайлоо 2015 –жылдын май айында өтүүсү керек.

Жогорудагылардын ордуна либерал –демократтар консерваторлордун Европа биримдигине мүчө эмес өлкөлөрдөн Британияга иммиграцияга келгендердин санын чектөө сунушун колдоду. Ага катар азыркы парламенттин иштөө мөөнөтү ичинде либерал –демократтар Британияда бирдиктүү акча - евронун киргизилүүсүн колдобоого милдеттеме алды. Мындан сырткары эгер Британияга ички саясат боюнча айрым ыйгарым укуктарды Евробиримдикке берүү сунуш кылынса, ал маселе да референдумга чыгарылат.

Негизинен Либерал-демократиялык партиянын тарапкерлеринин көбү көз карашы жагынан консерваторлорго караганда, бийликтен кеткен оңчул-солчул лейбористтерге жакын турат. Ушундан улам аталган партиянын лидери Ник Клегг анын партиялаштарынын айрымдарында консерваторлор менен жетишилген макулдашуу боюнча суроолор болушу ыктымал экенин моюнга алды. Бирок ал партиялаштарына төмөнкү сөздөр менен кайрылды:

-Мен сиздерди ишендирип кетким келет. Мен бул макулдашууга, эгер ал силер жана мен ойлогон өзгөрүү алып келгидей уникалдуу мүмкүнчүлүк тартуулап жаткандыгына чындап ынанбаганымда, кирбейт болчумун.

Айтор эки партия көп маселелер боюнча бири-биринен алыс турганын эске алганда, алардын биримдиги узакка созуларынан азыр эле күмөн санагандар да бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG