Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Борбор Азиядагы мурдагы беш советтик республика бир жагынан тарыхый коңшу, экинчи жагынан бири-бирине салмагын салган атаандаштар.

Эл аралык мамиледе Борбор Азиянын чөлкөм катары өнүгүүсү аймакта жайгашкан өлкөлөрдүн мүнөзү, өз-ара кызматташуунун деңгээли жана регионалдык уюмдар менен аныкталат. Саясат таануучу-илимпоздордун айтуусунда, Борбор Азия мамлекеттеринде алака-катнашты жакшыртуу мүдөөсү болсо да, бири-бирин жектөө саясаты күч. Аймактагы чыр-чатактын көбү келип жер-суу ресурстарын бөлүштүрүү, жол катнашы, чек ара маселелерине такалат.

Кечээ 9-сентябрда Борбор Азиядагы Америка университетинде өткөн “Борбор Азиядагы регионализм саясаты” деп аталган китептин бет ачарында Жапониядагы Эл аралык университеттин бүтүрүүчүсү, аталган илимий эмгектин автору Чынара Эсенгул учурдагы аймактык саясат эки багытта өнүгүүдө деп баалады:

- Пост советтик Борбор Азия өлкөлөрү өз улутун, мамлекеттүүлүгүн куруунун гана айласын ойлоодо. Аны менен катар эле ар бир мамлекет өз саясий режимин да чыңдоо аракетинде. Ошол эле учурда аймактык уюмдардын түзүлүшү, ал тургай авторитардык жетекчилердин мындай уюмдарды түзүүгө жана кызматташууга умтулуп жатканы регионалдык уюмдардын ролун көтөрүп, бул уюмдар башкаруучу элитага саясий ишмердүүлүк жүргүзүүгө, баарлашууга мейкиндик түзөөрүн түшүнүүнүн белгиси.

Ал эми Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги баш болгон Жамааттык коопсуздук уюму, Евразия экономикалык коомчулугу, Шанхай кызматташтык уюму, Экономикалык кызматташтык уюму сыктуу чөлкөмдүк түзүлүштөрдүн регионалдык өнүгүүгө канчалык түрткү бере ала тургандыгы тууралуу пикирлер ар беткей. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын профессору Айнура Элебаеванын айтымында, пост-советтик Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча саясий таасири бар бир дагы уюм түзө алышкан жок:

“КМШ деген ара төрөлгөн баладай, регионалдык уюм катары анын эч кандай практикалык таасири жок. Ал эми Борбор Азия аймактык уюмдары дегендер пост советтик мейкиндикти камтыйт. Эгер Шанхай кызматташтык уюмун алып карасак, ал андан да кеңири аймакты түшүндүрөт. Борбор Азия кандай болгон шартта дагы дүйнөлөштүрүү жараянына катышып, анын терс жана оң таасирлерине кабылууда”.

Борбор Азиядагы аймактык саясаттын дагы бир талылуу жери чөлкөмдүн лидери ким болот деген суроо. Дүйнөлүк тажрыйбада түрдүү аймактык түзүлүштөр бар, алардын кээсинин жетекчиси болсо, башкалары өз ара ишенүү, сыйлоо сыяктуу эрежелер менен ишмердүүлүк жүргүзөт. Беш коңшу өлкөнүн ичинен Казакстан, же Өзбекстан аймактык биригүүнүн алдына туруп, жетекчиликти колуна алуусу керек деген ойлор айтылып жүрөт. Кыргызстандагы Орусия элчилигинин экинчи катчысы Виктор Харченко бирдиктүү лидер тууралуу айтуу азырынча калпыс иш дейт:

- 2012-жыл эң маанилүү чечүүчү мезгил. Казакстандагы президенттик шайлоодо эмне болоору белгисиз. Ошондой эле коңшу Өзбекстандагы туңгуюк, түшүнүксүз абал Борбор Азияда ким лидер болот деген суроону азырынча жоопсуз калтырат. Ал эми учурдагы беш өлкөнүн өз кызыкчылыгы, ресурсу, мүмкүнчүлүгү бар. Алардын бардыгы тең тышкы күчтөргө жана аймактагы саясатка кызыкдар.

Борбор Азиядагы коомдук өнүгүү аймактагы элдердин уруулук түзүлүшү менен тыгыз байланышта деген ойлор да басымдуулук кылат. Бир эле өлкө ичиндеги калктын түндүк-түштүк деп жердешчиликке бөлүнүүсү - демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө бөгөт коюп, өлкө жетекчилигин ички бейплдикти камсыздоо менен алпурушууга мажбур кылат. Ал тургай айрым изилдөөчүлөр, Борбор Азияда тоталитаризмден демократияга өтүүсү авторитаризм аркылуу ишке ашат деп жазып келишет. Буга эгеменүүлүктүн соңку мезгилинде “демократия аралчасы” аталган Кыргызстандагы саясий бийликтин авторитардык жолго түшүп, ыңкылап менен алмашканы айкын мисал дейт изилдөөчү Чынара Эсенгул:

- Тилекке каршы мурдагы баалуулуктардан баш тартуу, артка кетүү башталды. Башкача айтканда “Жоогозын” ыңкылабына чейинки жараяндар биздин аймакта баалуулуктардын кагылшуусу жүрүп жатканынан кабар берет.

Буга дагы бир мисал катары Тажикстандагы беш жылга созулган атуулдук согушка өлкөдөгү эки чоң кландын советтик мезгилден бери бийликти колунан чыгарбаган "ленинабаддыктар" менен ага тирешкен "кулябдыктардын" ортосундагы пикир келишпестик да түрткү болгону белгилүү.

Ошол эле учурда, Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен маданий карым-катнашты күчөтүп, тарыхый тамырларын жаңыртып, достук мамиледе жашоосу керек. Кыргызстандыктар башка өлкөлөрдөн саясий, экономикалык жактан көз каранды эмес деген пикирдегилер да бар. “Ак шумкар-Кут” жаштар кыймылынын жетекчиси Мирхамит Токтогул уулу “Азаттыкка” мындайча ой бөлүштү:

- Кошуналарсыз оокат өтпөй калат деген пикирге толук кошула албайм. Айтайын дегеним, саясий эрк менен толук кандуу, жыйынчактуу болуп суу, мөңгү маселесин ортого коюу менен Борбор Азиядагы керек болсо биринчи өлкөгө айлануубуз толук мүмкүн.

Деген менен, Борбор Азия (георгафиялык өлчөм менен алганда Каспий деңизинен түндүк Кытайга чейин, чыгыш Орусиядан тарта түндүк Индияны камтыган аймак) байыртадан талаштуу чөлкөм катары көптөрдү өзүнө тартып келет. Албетте, андай жерде эски менен жаңы, алсыз менен алдуунун күрөшү тынымсыз экени мыйзам ченемдүү.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG