Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

"Алчаларды" күлдүргөн проФФессор Янукович


Саясий сатирик Дмитрий Чекалкин
Саясий сатирик Дмитрий Чекалкин

Дмитрий Чекалкин Украинадагы белгилүү саясый сатирик. Чекалиндин күлкү жана куйкум аралашкан сүрөттөрү 2004-жылкы Украиндагы “Саргылтым ынкылап” алдында аны эл ичинде өзгөчө таанымал кылды. Сүрөткердин сатирикалык ырларды аткарып, өз ара тамашалашкан “Куунак алчалары” өлкөдөгү өтө белгилүү Интернет сайт.

Кеңеш заманында саясый сатира КПСС жетегиндеги бийликтин көзөмөлү астында болуп, өзүнчө жанр катары жакшы өнүкпөгөн. Москвада чыкчу “Крокодил” же жергиликтүү “Чалкан” журналдарында саясый мүнөздөгү куйкум сүрөттөр басылса да, эч качан мамлекеттик жана республикалык жетекчилерге тийишпеген. (Ырас, “Кукрыниксы” тобу Батышты шылдыңдаган мыкты карикатуралык саясый сүрөттөрү жараткан).

Советтик бул салт, киевдик карикатурист Дмитрий Чекалкиндин айтышынча, Леонид Кучма Украинанын президенти болуп турган 1994-2005-жылдары да катуу сакталган:

- Англис тилинде чыкчу “Kyiv Post” гезитине гана Леонид Кучма жөнүндөгү карикатураларды басууга уруксат берилген. Бирок басылманын америкалык ээсине эчен ирет Украинага келүүгө виза берилбей койгон. Басмаканалар гезитти басуудан коркуп, чыгаруудан дайыма баш тарткан.

2004-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгү маалында бийлик колдогон талапкер Виктор Януковичти Ивано-Франковск шаарында кимдир бирөө жумуртка менен урганда, ал жыгылып калат. Бул окуя Чекалкинди саясый карикатурист катары тааныткан “Куунак алчалар” интернет долбоорунун жаралышына түрткү болот.

- Мени ошондо кээ бир сурамжылоолордун натыйжасы таң калтырды. Шайлоочулардын 60 проценти Виктор Ющенко үчүн добуш берүүгө даяр болсо да алардын 15 проценти гана анын жеңишине ишенген. Адамдардын өз күчүнө ишенбегени жана көпчүлүктүн апатиясы мен үчүн өтө күчтүү диагноз болду. Юмор коркуудан жана апатиядан арылтчу дары болгондуктан, аны биз толук пайдаландык.

Үстүбүздөгү жылдын 27-декбарында Украинада кезектеги жалпы элдик шайлоо болот. Президентке талапкерлердин арасында баякы эле Виктор Янукович, Виктор Ющенко жана Юлия Тимошенко бар. Алардын ичинен «проффессор» атыккан Янукович карикатуристтер үчүн “түгөнгүс кенч” дейт Дмитрий Чекалин.

-Урматтуу профессорубуз Янукович 2004-жылы президенттикке талапкер ирети БШКга берген арызында грамматикалык каталардан башка да илимий даражасын “проффессор” деп, бир ”ф” тамгасынын ордуна эки жолу “ф” жазган. Одессалык шайлоочулар алдында алардын жердеши, таанымал акын Анна Ахматованы “Ахметова” деп айтып, күлкү болгон. Ал өз титулдарын жана кызмат орундарын көп ката менен жазган. Өлкөдөгү эң жогорку кызмат - президенттикке ат салышып жаткан адам, Украинанын мыйзамы боюнча, жок дегенде жоокер катары аскерде кызмат өтөгөн болууга тийиш. Ал аскерде болгон эмес. Тилекке каршы, Януковичте президент кеңсесин ээлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошон үчүн ал саясый сатиранын негизги бутасы болуп кала берет.

Дмитрий Чекалин сатирик үчүн саясатчынын улуту, физикалык кемчилиги, жынысы жабык тема болуш керек деп санайт.

Саясый сатира өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө гезит-журнал менен саясый турмуштун ажырагыс бөлүгү. Ал эми Түндүк Корея, Куба, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу авторитардык өлкөлөрдө саясатчылар сындан жогору турушат жана сүрөтчүлөр карикатурага тема боло албайт.

XS
SM
MD
LG