Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

Кытай өкмөтү интернетте “от дубал” орноткон


Кытайдагы кафелерде зымсыз интернет байланышы кеңири кездешет.
Кытайдагы кафелерде зымсыз интернет байланышы кеңири кездешет.

Интернеттеги эң ири издөө системасын түзгөн Гугл компаниясы Кытай өкмөтүнүн цензураны күчөтүү аракети жана укук коргоочуларга каршы кибер-чабуулдарынан улам Кытайдагы ишмердигин токтотушу мүмкүн экенин эскертти.

Бейшембиде Бэйжин интернетти көзөмөлдөөгө укугу бар экенин кайталап, аны башкарып-тескөө ишин мурдагыдан күчөтөөрүн кошумчалады.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жианг Ю өлкөдө интернетке кирүү жолу ачык, өкмөт болгону баары мыйзам чегинде өнүгүп, эл турмушунда оң роль ойношун каалайт деп белгиледи. “Башка мамлекеттердей эле Кытай да интернетти мыйзамга ылайык көзөмөлдөйт. Тийиштүү жетекчилер эл аралык стандарттарга ылайык иш-аракет көрүшөт. Кытай ар дайым эл аралык интернет бизнеси өлкөдө ар тараптуу өнүгүшүн кубаттайт”, - деп кошумчалады расмий Бэйжиндин өкүлү Жианг айым.

Чынында, кытайлык интернет пайдалануучулар башка өлкөлөргө салыштырмалуу абдан катаал көзөмөлгө алынган. Бэйжиндин интернетти тыкыр текшерүү, цензуралоо системасы адистер арасында “Улуу от дубалы” деген атка конгон. Кытайлыктар, маселен, интернетте Тибеттин чет өлкөдө сүргүндө жүргөн лидери Далай Лама тууралуу маалымат таба алышпайт, андан башка 1989-жылы Бэйжиндеги Тянанмен аянтында демонстранттардын каны төгүлгөн окуялар жөнүндө окуй алышпайт.

Былтыр Кытай бийликтери он миңдеген интернет сайттарды жаап, миңдеген кишилерди камакка алды, анын баары “порнографияга каршы өнөктүк” деп сыпатталды. Март айында Гугл компаниясына караштуу видео-баян алмашуу сайты youtube, ага удаа социалдык түйүнгө айланган Twitter, Facebook жабылды. Бэйжиндин аларды тоскон “от дубалын” буйтап өтүп, прокси системасынан пайдаланган саналуу кытайлыктар гана бул кызматтардан пайдалана алат. Калган калың көпчүлүктүн интернеттеги булактары катуу чектелүү.

Гугл компаниясынын басма сөз өкүлү Билл Эчиксон убагында Кытайда өз ишмердигин башташ үчүн атайын макулдашууга кол коюуга туура келгенин айтат. “Төрт жыл мурда Кытайда алгач иштеп баштаганда, ошондой өзүн-өзү цензуралап-текшерип туруу тууралуу келишимге барганбыз”, - деп моюнга алды Эчиксон. Анын айтымында, Гугл андай кадам баары бир кытайлыктар үчүн маалымат булактарын кыйла кеңейтип, интернетти өнүктүрүүгө бут тосо албайт деп ишенген экен. Бирок интернеттеги көзөмөл күчөп отуруп, чет элдик компания, укук коргоо уюмдарына чабуул кеңейди, “андыктан биз Кытайдагы ишмердигибиз туурасында кабатыр боло баштадык”, - дейт Гуглдун өкүлү.

Эчиксон Гугл компаниясы Кытай бийликтери менен алардын издөө системасындагы цензураны алып салуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзөөрүн кошумчалады. Көзөмөл күчөй берсе, Гуглдун Кытайдагы кызматкерлеринин коопсуздугу да ойлонтпой койбойт, дейт ал.

Маалымат каражаттары жана глобалдуулук боюнча АКШлык эксперт Сильвио Вэйсборд тирешүүдөн ким утаарын алдын-ала айтуу кыйын деп эсептейт. Кантсе да, Гугл өтө кыйын абалда – бир жагынан бат эле дүйнөдөгү эң ири интернет аймагы боло турган Кытайдан кантип баш тартат, экономикалык кызыкчылык ага жол бербейт ко. Экинчи жагынан Кытайдагы саясий кысым. Гугл адам укуктарын коргоо, маалымат алуу укугун коргоо жаатында өз көз карашын билдириши керек.

Ошентип, дүйнөлүк маалымат алмашуу булагы туу туткан эркиндик жеңеби, же көзөмөл, интернеттеги цензура - Кытайдагы туруктуу өнүгүүнүн бекем шарты деп эсептеген Кытай өкмөтү утабы деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турган кез.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG