Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Йокогамада дүйнөлүк экономиканын оорусу талкууланууда


Чоң жыйырманын лидерлери ушул турган тобу менен Сеулдан соң Йокогамада чогулушту.
Чоң жыйырманын лидерлери ушул турган тобу менен Сеулдан соң Йокогамада чогулушту.

Дүйнөнүн 21 мамлекетинин лидерлери Жапониянын Йокогама шаарына Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу уюму-АТЭКтин саммитине чогулду. Эки күндүк жыйындын күн тартибиндеги негизги суроо: дүйнөлүк экономиканын абалы жана Азия-Тынч океан аймагында эркин соода режимин түзүү.

Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдө дүйнөлүк дүң жыйымдын теңинен көбү өндүрүлөт.

Йокогамадагы жыйын алдында Түштүк Кореянын байтакты Сеулда өнөр жайы мыкты өнүккөн деп эсептелген “Чоң жыйырманын” лидерлери кездешип, дүйнөлүк экономикадагы азыркы кырдаалды талкуулашты.

Сеулда көбүн эсе ири өлкөлөр аралык соодадагы баланстын жоктугуна жана эларалык соодада улуттук акчалардын жасалма наркына байланыштуу жаралган проблемалар жөнүндө кенен сөз болду. Чоң жыйырма, анын ичинде АТЭКке мүчө тогуз өлкө экономикалык интеграциянын жалпы эрежесин тактай алышкан жок.

АКШнын ишениминде Тынч океан алкагындагы тогуз өлкөнүн кызматташуусу региондо эркин сооданын калыптанышын көздөй жасалган алгы кадам болгон. Бирок, эркин соода атаандыштыкты күчөтүп, баанын арзандашына алып барат деген сыякуу чочулоолор да бар.

Йокогамада экономикасы кубаттуу жана чоң өлкөлөр - АКШ, Кытай жана Жапониянын лидерлери эркин соодага өтүүнү тездетүүгө бар аракетин жасайбыз деп убада кылышты.

Кытай президенти Ху Цзинтао эларалык коомчулукту улуттук өкмөттөрдүн жергиликтүү өндүрүштү ар кандай жол менен коргоосуна, протекционизмге жапырт каршы турууга чакырды.

АКШ президенти Барак Обама Азия өлкөлөрүн чет элдик товарлар үчүн каалганы кенен ачууга үндөп, регион америкалык өндүрүшчүлөр үчүн ири базар экенине токтолду. Ошондой эле, экономикалык кризистин маанилүү сабактарынын бири - америкалык керектөөчүлөр менен Азиянын экспортуна негизделген экономикалык өсүүнүн чеги бардыгын айгинелениши болгонун айтты.

Жыйын алкагында лидерлердин эки жактуу кездешүүлөрү да өтүүдө.

Орусия президенти Дмитрий Медведев Жапониянын премьер-министри Наото Кан менен кездешип, эки өлкө арасындагы сүйлөшүүлөрдү жандандыралы деп макулдашты.

Бул кездешүү Москва-Токио алакасын жакшыртуу үчүн маанилүү.

Анткени, Медведев 1-ноябрда Куриль аралына баргандан кийин ортодогу мамиле солгундап кеткен. Жапония бул аралдан Экинчи дүйнөлүк согушта ажырап калган жана алигиче аны өзүнө таандык деп эсептейт. Буга байланыштуу Жапония тарап Орусиянын экономикалык өнүгүү министрлиги менен өз ара кызматташуу боюнча жума күнгө мерчемделген протоколго кол койуу иш-чарасынан баш тартып койгон.

XS
SM
MD
LG