Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Эларалык трибунал жаш балдарды колдоп чыкты


Томас Лубанга Гаагадагы Эларалык кылмыш трибуналында, 26-январь, 2009
Томас Лубанга Гаагадагы Эларалык кылмыш трибуналында, 26-январь, 2009

Гаагада аскерий кылмыштар трибуналында алгачкы эларалык кылмыш соту бүгүн ишин баштады. Сотто армияга 10 жашар балдарды да алганы үчүн айыпталып жаткан конголук жикчилердин лидери Томас Лубанганын иши каралууда. Ал өзү айыптарды чекте какты.

Томас Лубанганы Конгодогу беш жылга созулган конфликтте 15 жашка чейинки жүздөгөн балдарды армияга алган деген алты башка берене боюнча соттоп жатышат. Конго Демократиялык республикасындагы согуш 2003-жылы аяктаган.

Бүгүн Эларалык кылмыш сотунда ишти ачып жатып, трибуналдын башкы прокурору Луи Морено Окампо айыпталуучу эларалык коомчулукту тынчсыздандырган өтө олуттуу кылмышка – жаш балдарга каршы кылмышка - барган деп билдирди. «Лубанганын куралчан тобу жүздөгөн жаш балдарды армияга алып, аларды адам өлтүргөнгө, талап-тоноочулукка жана зордуктоого үйрөтүп, даярдаган», - деди прокурор.

Анын айтымында, балдар азырга чейин согуш учурунда көргөндөрүн унута албай, айрымдары баңгиликке, дагы бирөөлөрү сойкулукка берилип кетишти. «Ал учурдагы жаш балдар Лубанганын кылмыштарынын кесепетинен азырга чейин зыян тартып келишет. Алар ошол учурда көргөнүн, ошол учурда жасаганын унутуша элек. Болгону 9, 11, 13 жаштагы гана балдар эле», - деди эларалык трибуналдын прокурору Луи Морено Окампо.

Томас Лубанга өзү анын Конго патриоттору деп аталган бирикмесине жаш балдарды албаганын айтып, айыптарды четке какты. Ал учурда согушка катышканынын себебин Конгонун жаратылыш ресурстары мыкаачылык менен талап-тоноочулукка кабылганына каршы болгондугу менен түшүндүрдү.

Адам укугун коргоочу эларалык уюмдар, мисалы, Human Rights Watch бул өңдүү иштин эларалык кылмыш трибуналында каралып жатканы өтө маанилүү экенин айтууда. Аталган уюмдун өкүлү Парам Приит Сингх «Мунун өзү жалпы Африкадагы куралдуу күчтөргө сигнал болот деп ишенээрин», бул өңдүү кылмыш көңүл жаздымында калбай турганын көрсөтөөрүн билдирди.

Улуттар уюмунун кабарына ылайык, дүйнө боюнча 250 миңдей бала согуштарга тартылат жана алардын басымдуу бөлүгү Африкада турат.

Канткен менен бул - Эларалык кылмыш сотунун алгачкы иши. Сот буга чейин толук иштей элек болчу. Трибунал өзү 2002-жылы түзүлгөн. Бирок Кытай, Орусия, Израиль, Индия, Пакистан жана АКШ аны сындап, трибуналдын ишине катышуудан баш тартып келишет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG