Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

Эштондун реформасы


Кэтрин Эштон Евробиримдиктин Түштүк Кавказ жана Молдова боюнча атайын өкүлдөрүнүн кызматын кыскартканы жатат.
Кэтрин Эштон Евробиримдиктин Түштүк Кавказ жана Молдова боюнча атайын өкүлдөрүнүн кызматын кыскартканы жатат.

Еврошаркеттин тышкы саясий мекеме башчысы Кэтрин Эштон биримдиктин Түштүк Кавказдагы жана Молдовадагы атайын өкүлдөрүн жоюуну сунуш кылганы жатат. Эгер аны союздун өлкөлөрү жактырса, анда бул кадам чыгыштагы коңшулардын ишине еврошаркеттин катышуусун кескин кыскартышы мүмкүн.

Евросоюздун ушул тушта Суданда, Косоводо, Македонияда, Боснияда, Борбор Азияда, Ооганстанда, Африкадагы Улуу көл аймагында, Жакынкы Чыгышта, Африка союзунда, Түштүк Кавказ жана Молдовада – баары болуп он бир атайын өкүлү бар. Алардын бир тобунун мандаты жакынкы аралыкта аякташы керек.

Эштон атайын өкүлдөрдү еврошаркеттен кыйла алыс турган аймактарда – Суданда, Африкада жана Борбор Азияда гана сактап калып, калгандарын каскартууну, алардын иштерин негизинен Брюсселге, Еврокомиссиянын тийиштүү өкүлдөрүнө тапшырууну сунуш кылганы жатат. Союздун Түштүк Кавказдагы, Молдовадагы атайын өкүлдөрү Питер Симнеби жана Калман Мишей менен бул тууралуу консултация өткөрүлдү.

Эштондун планы Берлинде, Парижде жана Лондондо колдоо тапты, эмки кеп аны союзга кирген 27 мамлекеттин кароосуна коюуда калды. План менен 28-майда шаркеттин элчилерин Эштондун жардамчысы, британдык ветеран дипломат Роберт Купер тааныштырды.

Эгер Эштондун планы электен өтсө, анда байкоочулар Түштүк Кавказ менен Молдованын шаркет үчүн регионалдык мааниси төмөндөй түшөт дешет. Бул ошол эле учурда Полшанын саясий айрым дымактарына да суу себиши мүмкүн. Ырасмий Варшава быйыл августта Түштүк Кавказдагы атайын өкүлдүн мандаты бүткөндө анын ордуна өзүнүн мурдагы тышкы иштер министрин талапкер кылып көрсөткөнү жаткан.

Полша 24-майда Сопот шаарында Евросоюздун чыгыштагы алты коңшусу – Украина, Молдова, Белоруссия, Грузия, Армения жана Азербайжан менен атайын жыйын уюштуруп, регионго байланышкан болочоктогу кадамдарды талкуулаган. Жыйынга Евросоюздун ушу таптагы төрагасы Испаниянын тышкы иштер министри Мигел Моратинос да катышып, алты коңшунун иштерине шаркет мурдагыдай эле кызыкдар экенин тастыктаган.

"Саясий көз караштан алганда, "Чыгыштагы өнөктөштүк" Европа биримдиги үчүн артыкча багыттардын бири экенине бизде бекем же бекемделип бараткан ишеним бар", - деп айткан испан министри.

Байкоочулар майдын этегинде Брюсселде жарыяланган Эштондун планы көпчүлүккө, алардын ичинде Полшага, түштүк Кавказ жана Молдовага күтүүсүз жаңылык болгонун айтышууда.

XS
SM
MD
LG