Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Еврошаркет Иранга жазана салды


 Кэтрин Эштон Брюсселдеги маалымат жыйыны маалында.
Кэтрин Эштон Брюсселдеги маалымат жыйыны маалында.

Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери жайкы танапис алдындагы жыйынга чогулушуп, Косовонун келечегин, Грузияга байланышкан жагдайды, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты. Мындан тышкары министрлер шаркеттин Иранга жарыялаган санкциялар топтомун бекитишти.

Евробиримдиктин санкциялар топтомунда табигый газ өндүрүшүнө байланышкан бардык жабдууларды жана технологияларды Иранга экспорттогонго, ошондой эле аскерий максаттарга пайдаланыла турган товарлар менен материалдарды сатканга тыюу салынат. "Кара тизмеге" ирандык 40 чакты жеке ишкерлер менен 50дөн ашуун компаниялар киргизилди.

Брюсселдеги жыйынга катышкан министрлердин бири Евросоюздун тарыхында мынчалык катаал жана масштабдуу санкциялар буга чейин дегеле боло электигин эске салды.

"Бүгүн биз Иранга таасын туюнттук: анын атомдук программасы бизди олуттуу тынчсыздантат жана камтамачылыгыбызды күчөтүп жатат. Ошондуктан Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын аткарбай, реалдуу сүйлөшүүлөрдөн иш жүзүндө баш тартып койгон Иранга жарыяланган Евробиримдиктин санкцияларын министрлер жактырышты", - деп айтты шаркеттин тышкы саясаты боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон.

Бир ай мурда Тегеранга АКШ бир тараптуу санкцияларды жарыялаган. Андан мурда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде эл аралык жазаналардын кезектеги топтому кабыл алынган болчу. Брюсселлде жактырылган санкциялар 27-июлдан тартып күчүнө кирет.

Министрлер Косовонун келечегин да талкуулашты. Провинцияда көпчүлүктү түзгөн албандар 2008-жылы 17-февралда бир тараптуу түрдө Сербиядан бөлүнүп,өз алдынча мамлекет болгонун жарыялашкан. Ошол декларацияны өткөн аптада Улуттар Уюмунун Гаагадагы соту эл аралык мыйзамдарга кайчы келбейт деп тапты. Соттун токтомун ырасмий Белград моюндагандан баш тартып, быйыл күздө Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына жаңы резолюция сунуш кылганы жатат. Биримдиктин бир катар мүчөлөрү – Испания, Греция, Румыния, Словакия жана Кипр да Косовонун көз карандысыздыгын тааныша элек.

Жыйын башталар алдында Кипр тышкы иштер министри Маркос Киприану эл аралык соттун чечими чектелүү мүнөздө экенин, ал конкретүү бир гана маселе – Косовонун көз карандысыздык декларациясы менен чектелерин эске салды. Кипрлик министр тиги же бул өлкөнүн территориялык бүтүндүгүнө тиешеси бар бардык маселелерди бир тараптуу декларациялар менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү керектигин белгиледи.

Дипломаттар биримдиктин жогорку өкүлү Кэтрин Эштон өткөн аптада атайын кат камдап, Белград менен Приштинага тикелей сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуш кылганын айтышкан эле. Муну жыйындын соңунда Эштон өзү да ырастап, Сербия менен Косовону өз ара кызматташтыкка чакырды.

Жыйында ошондой эле Эштон өзүнүн Грузиядагы сапары тууралуу маалымат берди. Айтымда, президент Михаил Саакашвили Евробиримдик менен Россиянын ортосундагы мамилелерде реализм жоктугуна тынчсыздануу билдирген. Өткөн айда шаркет Абхазия менен Түштүк Осетиянын чек араларындагы байкоочулар миссиянын мандатын дагы бир жылга узартты. Бирок эртедир-кечтир Евробиримдиктин Грузияга байланышкан милдеттери тууралуу маселе козголору калетсиз дешет.

Министрлер Газадагы кырдаалды да талкуулашты. Соңку айларда арап өлкөлөрүнөн палестиналыктарга өп-чап жардам келе баштады, жыйында ушул жагдай каралды.

XS
SM
MD
LG