Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Евробиримдик өзбек өкмөтүнө ишенет


Евробиримдик Өзбекстан маселесин талкуулап жатканда имарат алдына анжияндык качкындар пикетке чыгышты. Октябрь, 2009-ж.
Евробиримдик Өзбекстан маселесин талкуулап жатканда имарат алдына анжияндык качкындар пикетке чыгышты. Октябрь, 2009-ж.

Европа Биримдиги Өзбекстанга каршы акыркы санкциясын токтотту. Брюсселдин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морел “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Пьер Морел Европа Биримдигинин 2005-жылы Өзбекстанга каршы киргизилген санкциялары эч кандай деле жемиш берген жок, анткени ал чечим башынан эле начар кабыл алынып калган деп ойлогондор жаңылышат, алар адегенде ошол чечимди баштан-аяк жакшылап окуп чыгышсын деп белгиледи. “Азаттыктын” кабарчысынын анда ал чечим жаңылыштык болбосо кандай өзгөрүүлөр алып келди? – деген суроосуна Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү төмөнкүдөй жооп узатты.

Морел: Эгерде биз ал чечим жаңылыштык деп ойлосок, аны кабыл алат белек? Биз ал чечимди кабыл алып жатып, Өзбекстандагы укук коргоочуларга жардам берүү, өлүм жазасын токтотуу, түрмөлөрдөгү абалды жакшыртуу, сот системасын оңдоо, жаш балдар эмгегине бөгөт коюу жолдорунун баарын изилдеп, баарын кылдат жазып чыкканбыз. Азыр биз Ташкендин ЕККУ менен кызматташуусун, сот системасын реформалап, мыйзамдуулук орнотушун көздөп жатабыз. 4-5 жыл мурун адам укуктары жаатында эки тараптуу диалог өткөрүү демилгеси так Өзбекстандан башталган, ушу тапта Борбор Азиядагы бардык беш өлкөдө жүзөгө аша баштады.

Азаттык: Сиз айткан демилгелер кошколдоп кубаттаарлык иштер, албетте. Бирок иш жүзүнө келгенде, 2005-жылы Евробиримдик Ташкенге каршы санкциялар киргизгенден бери Өзбекстанда түрмөгө камалган укук коргоочулар менен журналисттердин саны мурдагыдан көбөйдү. Ушундай жагдайда санкциялардын акыркысын алып салбай кое турган оң беле? – деген суроого Пьер Морель жаман менен жакшы бирдей көрө билүүгө үндөдү.

Морел: Айрым адамдар түрмөдөн бошотулду, алар эркиндикке чыгат деп күткөндөр аз эле. Камалгандар да болуп атты, бирок бошотулгандар да болду, аларды бошотууга биз өз салымыбызды коштук. Анжияндагы окуялардан кийин биз колдон келген аракетибизди жасадык, андан бери 4 жыл өттү. Ташкен менен биздин көз караштарда айырмачылык арбын, бирок далай иштер жасалды, өтө натыйжалуу жана машакаттуу жараян болду. Биз өзбек бийликтерине ишенбесек, азыркы чечим да чыкпайт эле. Ошондуктан, буга чейин жасалган иштер жаңылыштык деп айтуу калпыстык кылат, биз дале ушундай багыттагы аракеттерди уланта бермекчибиз.

27-октябрда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Өзбекстанга каршы соңку санкцияны токтотуу менен алар Өзбекстан өз милдеттенмелерин аткарып, адам укуктары, демократия жаатындагы аракетин алгылатат деп үмүт кылаары айтылды. Брюссел Ташкенден кандайдыр кепилдиктер алдыбы? – деген суроого Пьер Морель Евробиримдик мындай маселелерде эч ким менен соодалашпайт. Эгерде биз Өзбекстандагы өнүгүүгө ишенбесек, 4 жылдан берки аракеттер жасалбайт эле, Ташкен менен тыгыз диалог дагы да улантылат деп жооп берди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG