Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:26

”Биринчи Кавказды” спутниктен алып салышты


Орус тилиндеги "Биринчи Кавказ" телеканалынын программаларын Eutelsat компаниясы өткөн бейшембиден тартып француз спутнигинен көрсөтпөй калды.
Орус тилиндеги "Биринчи Кавказ" телеканалынын программаларын Eutelsat компаниясы өткөн бейшембиден тартып француз спутнигинен көрсөтпөй калды.

Жакында Тбилисиде ачылган орус тилдүү "Биринчи Кавказ" телеканалы өткөн жумада француздардын спутнигинен алынып салынды. Телеканалдын жетекчилиги мунун артынан Кремлдин кысымын көрүп жатат.

Француздардын спутниги Eutelsat фирмасына карайт. Бул компания "Биринчи Кавказ" телеканалын январдын ортосунан акыркы күндөрүнө чейин сынамык режиминде обого чыгарып келген эле. Бирок өткөн бейшемби күндөн тартып "Биринчи Кавказдын" программалары көрсөтүлбөй калды.

Грузиянын коомдук телеканалынын жетекчиси Гиа Чантурия Eutelsat жакында "Интерспутник" компаниясы менен пайдалуу контракт түздү, ошондуктан бул иш "Кремлдин жардамы менен болду" деп эсептейт.

"Биз абдан таң калып жатабыз, адегенде Eutelsat фирмасынан биздин программалардын мазмунуна байланыштуу маселе чыкты деген маалымат алганбыз. Андан соң проблема жок, тек гана техникалык себептен улам болуп жатат дешти. Эми болсо коммерциялык маселеге байланыштырышты. Биз жагдайды тактаганга аракет кылып жатабыз",-деп айтты ал "Азаттыкка".

"Интерспутниги" менен келишим түзүлгөнүн Eutelsat төгүнгө чыгарды. Болгону "Биринчи Кавказды" сынамык иретинде обого чыгаруу мөөнөтү бүттү, ошол себептен улам анын программаларын көрсөтүү токтотулду деп ырасташты фирмадан. Эгер грузин тарабы жаңы келишимге кол койсо, "Биринчи Кавказды" такай спутник аркылуу чыгарганга Eutelsat даяр экенин компаниянын өкүлү Ванесса О’Коннор Франс пресстин кабарчысына тастыктады.

Грузин өкүлдөрү бу жагдайды башкача баяндашты. Атап айтканда, жакында орустардын "Газпром" Media Group компаниясы жалпы Кавказ аймагын камтыган көп мейкиндикти "Интерспутниктен" сатып алып койду. Ошол себептен Eutelsat "Биринчи Кавказга" чакан чөлкөмгө гана чыга ала турган алкакты сунуш кылып жатат.

Парижде жайгашкан Eutelsat компаниясы 2008-жылы кытай тилиндеги New Tang Dynasty Television каналын да өз спутнигинен үзүп салган эле. Буга аталган каналдын кытай өкмөтүнө өзгөчө сынчыл маанайын көрсөткөн позициясы себеп болгон дешет. Бирок Eutelsat кытай тилиндеги телеканал саясий жүйөөлөрдөн эмес, техникалык себептерден көрсөтүлбөй калганын ырастап жүрөт.

"Биринчи Кавказдын" башкы продюсери Зураб Двали канал АКШнын же Түркиянын сателлиттери аркылуу обого чыгарын айтып, америкалыктар менен түрктөрдү абдан ишенимдүү өнөктөр катары мүнөздөдү.

"Кайталап айтып кетейин - "Биринчи Кавказ" кадимкидей ишин улантууда, Москвага жагабы-жакпайбы, ал баары бир спутникте калат",- деп билдирди ал "Азаттыкка".

"Биринчи Кавказ" каналын Грузиянын коомдук телекомпаниясы уюштурган. Аны түзгөндөр "Түндүк Кавказ элдерине – Грузиядан тартып Армения, Азербайжанга жана Кремлдин куралдуу күчтөрүнө каршы алиге чейин уруш жүргүзүп жаткан аймактагы респбликаларга чейин – чындыкты жеткирүү ишин" өздөрүнүн башкы максаты деп аташкан.

XS
SM
MD
LG