Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Чоң 20 дүйнөлүк экономиканы теске салат


АКШнын Питсбург шаарында атчан полициячылар Чоң 20нын экономикалык саммитин кайтарууда. 23-сентябрь, 2009-ж.
АКШнын Питсбург шаарында атчан полициячылар Чоң 20нын экономикалык саммитин кайтарууда. 23-сентябрь, 2009-ж.

АКШнын Питсбург шаарында чогулган экономикасы эң ири 20 өлкөнүн (Чоң 20) лидерлери дүйнөлүк экономиканы тескөөдө өз ролун бекемдешти.

Жыйында айтылгандай, дүйнөлүк экономиканы тескеп, туура жолго буруу ишинде Чоң 20 башкы ролду аткарып, алдыңкы 8 мамлекетти бириктирген Чоң 8 тобу коопсуздук жагын өзүнө алат. Андан сырткары эл аралык экономикалык саясатты аныктоого өнүгүп келаткан өлкөлөрдү көбүрөөк аралаштыруу зарыл экени белгиленди.

Ушул жылдын апрель айында Лондондо чогулганда Чоң 20нын лидерлери шаштысы кетип, ал кезде тереңдеп бараткан дүйнөлүк экономикалык кризисти токтотуу жолдорун талкуулашкан эле. Ошондо алардын эл аралык экономиканы жандантууга ири суммадагы акча бөлүп, орток кор түзүү чечими кырдаалды жеңилдетүүгө салым кошту. Азыр эми алдыңкы өлкөлөр экономикалары акырындап рецессиядан чыга баштаганын кабарлап, АКШдагы жыйында кризистен чыгуу жолдорун бекемдеп, андай акыбалды кайра болтурбоо тууралуу масилет курушууда.

Питсбургдагы жыйынга кожоюндук кылган АКШ президенти Барак Обама Чоң 20нын дүйөлүк экономиканы теске салуу планын жарыялаары күтүлүүдө. Мурунку күнкү отурумдун соңунда Американын каржы министри Тимоти Гайтнер кабарчыларга билдиргендей, лидерлер жыл аягына чейин банктардагы маяналар менен акчалай сыйлыктардын суммасын чектөө маселесин макулдашып бүтүп калышты.

Алдыңкы өлкөлөрдүн өкмөттөрү банктардын жетекчилери миллиондогон долларлык сыйлык алып, маяналары асманды чапчып кеткенин сынга алып, аларга чабуул коюшкан эле. Британиянын каржы министри Алистер Дарлинг банкирлерге кайрылып, “той аяктады, дүйнө өзгөрдү, силер да өзгөргүлө” деп эскерткен.

Американын казына башчысы Гайтнер бейшембиде кечинде доллардын келечегине басым да жасап, “Күчтүү доллар - АКШ үчүн башкы маселе. АКШнын финансы системасына ишеничти бекемдөө канчалык маанилүү экенин биз жакшы билебиз, АКШ доллары эл аралык резервдик валюта бойдон дагы узак жылдарга кала беришин колдойбуз, ал үчүн бардык жоопкерчиликти алууга даярбыз, бул жерде чогулган башка өлкөлөр да ошондой пикирде деп ойлойм”, - деп тегерете отурган кесиптештерине үмүттөнө көз чаптырды.

Чоң 20нын жетекчилери андан сырткары дүйнөлүк экономикалык түзүлүштө өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн ролун көтөрүү маселесин да сөз кылышты. Мисалы, келечекте Чоң 20 клубун кеңейтип, жакын арада Эл аралык валюта корунда чечим кабыл алуу добуштарын кайра бөлүштүрүү зарыл деген пикир бар.

Ушу тапта Кытай Эл аралык валюта корунда добуштардын 3,7%ын ээлесе, экономикасы андан 1 жарым эсе кичирээк Франция 5%га жакын добушка ээ. Алдыңкы өлкөлөр талкуулачу дагы бир чоң маселе – импорт менен экспорт ортосундагы ажырымды кыскартуу көйгөйү, АКШ жана Европа көптөн бери Кытай, Индия, Бразилияны экономикаларын сырткы дүйнөгө тууралабай, эң ириде ички базардын керектөө-муктаждыктарына көңүл бурууга үндөп келатышат. Америка импортту азайтуу жолдорун чукул арада иштеп чыкпаса, экономикасы жарга такалаарын адистер эскертишет.

Чоң 20нын лидерлери экономикалык шеринесин улантып, тандалма тамак-аш, эң мыкты тейлөөгө эгедер болуп жаткан чакта, Питсбургда миңдеген антиглобалисттер демонстрацияга чыгышты. Жүздөгөн демонстранттар экономикалык саммит өтүп жаткан имарат тарапка жулунуп, полиция аларга каршы резина ок колдонгону кабарланууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG