Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Тарых Саакашвилиге такмаза белек тартуулашы мүмкүн


АКШ сенатору Жон Керри грузин оппозициясынын лидерлери Леван Гачечиладзе жана Нино Буржанадзе менен жолугушуу учурунда.Тбилиси,13-декабрь 2008-жыл.
АКШ сенатору Жон Керри грузин оппозициясынын лидерлери Леван Гачечиладзе жана Нино Буржанадзе менен жолугушуу учурунда.Тбилиси,13-декабрь 2008-жыл.

Грузияда оппозиция быйыл жазда президентти жана парламентти мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоону талап кылууда. Бул талапты колдогондор арасында Михаил Саакашвилинин мурдагы тарапкерлери да бар.

Өткөн жылы октябрда парламенттин мурдагы спикери Нино Буржанадзе маалымат каражаттары аркылуу президент Саакашвилиге ачык кат менен кайрылып, өлкөдө “саясий кризис” башталып келатканын эскерткен эле. Декабрдын ортосунда Буржанадзе быйыл жазга барып президентти жана парламентти кайра шайлоону сунуш кылды. Анын соңунан Грузиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Ираклий Аласания кызматынан өз эрки менен бошонуп, былтыр августтагы урушту тутантканы үчүн Саакашвилини сынга алды жана Буржанадзенин сунушун колдоду.

Оппозициядагы калган партиялар августтагы окуялар маалында президентти сындаганды убактылуу токтотушуп, бирок көп өтпөй анын бийликтен кетишин талап кыла башташкан. Былтыр январдагы президенттик, андан соң майдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын оппозиция ушу күнгө чейин мыйзамсыз деп эсептеп жүрөт.

Саакашвили дүйнөлүк экономикалык кризиске, анын Грузияга тийгизген капшабына шылтоолоп, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү талабын четке какты. Азыркыдай кыйын-кыстоо кезеңде казынанын каражатын саясатка сарп кылууну ал туура болбойт деп эсептейт. “Украинаны карагылачы,- деп айтты Саакашвили жакында калкка кайрылган сөзүндө.-Менин досторум Ющенко менен Тимошенко бири бирине асылышып,шайлоо өткөргүсү келишти эле, бирок акыры кризистин шартында ага акча коротпойлу деп чечишти”.

Саакашвилини былтыр январда эле президенттик шайлоо болгонун эске салып, ошондо “элге берген убадаларын толук аткарганын” да айтып өттү. “Нью-Йорк таймста” жарыяланган маегинде ал грузиндердин басымдуу көпчүлүгү аны колдой турганын ырастады. Жаңы жыл алдында болсо калкты “өлкө оңолуу жолунда баратканына, Абхазия менен Түштүк Осетия эң жакынкы келечекте эле оккупациядан толук бошотуларына” ишендирди.

Оппозициянын өкүлдөрү Саакашвилинин бул сөздөрүн президент “реалдуу турмушта эмес, фантазиялар дүйнөсүндө жашап калганын” көрсөткөн кезектеги далилдей кабыл алышты. Алардын айтымында, өлкөнүн ички дүң продукциясы быйыл болгону 2,5 процентке өсүшү мүмкүн. Августтагы согуштун айынан экономика миллиарддаган доллар өлчөмүндө зыян тартты. Ага чейин эркин маалымат каражаттары жабылып, демократиялык процесс токтоп калган эле. Муну жадакалса былтыр Батыштан Тбилисиге тез-тез каттап турушкан мартабалуу өкүлдөр да моюнга алганга аргасыз болушту.

Жаңы жыл алдындагы коомдук пикирдин натыйжалары ырастагандай, калктын кыйла бөлүгү Саакашвили бийликтен кетсе гана абал өзгөрүшү мүмкүн деп ойлошот экен.

Оппозиция бул маанайды быйыл пайдаланып калганга умтулууда. Эгер жаз айларына мөөнөтсүз президенттик шайлоо белгиленсе,Буржанадзе мамлекет башчылыгына негизги талапкерлердин бири болору калетсиз.

Саакашвилинин экинчи мөөнөтү 2013-жылы бүтөт. Бирок алдыдагы саясий кризис ага тарых тартуулаган такмаза белек болуп калышы да ыктымал.

XS
SM
MD
LG