Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Кыргызстандык саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиев Грузиянын КМШ курамынан чыгышын бул өлкөнүн келечеги үчүн оң көрүнүш деп эсептейт.

- Аскарбек мырза, бүгүн Грузия мамлекети КМШнын катарынан расмий чыкты. КМШ уставы боюнча Орусия менен Грузия ортосунда кыска согуш болгондон кийин Грузия тарап чыгуу жөнүндө жарыялады эле. Эми айтсаңыз, Грузиянын КМШнын мүчөлүгүнөн чыгышы кандай таасир этиши мүмкүн тараптарга, Грузияга, КМШ уюмуна, оң-терс таасирлери кандай болушу мүмкүн?

- Азыр бул грузиндер үчүн тарыхый окуя болуп жатыптыр. Азыр алар чындап өздөрүнүн эркиндигин алышты. Ошондуктан ушул күндү грузиндердин КМШдан эркиндикке чыккан биринчи күн деп эсептөөгө болот.

Бирок экинчи жагынан, алар азыр официалдуу чыкканы менен алардын маданияты православдуу маданият жана алардын кулк мүнөзү, баары баары бир КМШнын ичинде кала бермекчи. Коррупция, түзүлүп калган салт-санаалардан кутулуш үчүн аларга али көп убакыт керек.

Алар официалдуу эркиндикке жетишти, бирок дагы толугу менен таза мамлекеттерге, Финляндия сыяктуу коррупциясы жок мамлекеттерге жетиш үчүн аларды алдыда али көп сыноолор күтүп турат деп эсептесе болот.

Бирок дагы коркунуч бар, Орусия бир шылтоо менен согуш ачып, кайра басып алышы мүмкүн. Анткени америкалыктар айтып атат, биз Грузияга болушуп, Орусия менен мамлебизди бузсак биз чоң жоготууга учурашыбыз мүмкүн деп.

Орусия эгер согуш ачса Америка грузиндерге болушпайт. Ушул жагын билиш керек. Ошондуктан чыктык деп эле айтпайт, абайлап мамиле кылыш керек деп ойлойм дагы деле.

- Сиз айтып атпайсызбы, Батыш, анын ичинде АКШдан да колдоо таппай калышы мүмкүн, себеби колдоо тапса АКШ Орусия менен мамилесин бузуп алышы мүмкүн деп. Грузияда кандай ишеним бар өз алдынча өнүгүүгө?

- Грузиндер азыр ойлоп атышат, биз демократиялык өлкө болобуз, батыштагыдай өнүгөбүз деп. “Биз европалыкпыз” деп Саакашвили айтып чыкпадыбы. Саакашвилинин радикалдуу саясатынын негизинде булар чыгып кетишти.

Биринчиден, бул грузиндер үчүн жакшы эле болот. Мына Эстонияны, Балтика өлкөлөрүн караңыз, алар дагы учурунда Орусиянын телевидениеси менен массмедиа каражаттарынын пропагандасына сугарылган элдер. Айрыкча орустар жинденип атышат.

Тытынып, жерди тепкилеп атышканы менен убагында Эстония, Балтика өлкөлөрү деле чыгып, азыр экономикасы жактан орустардан жогору болуп баратат, айлыктары жогору. Ошондуктан Грузиянын чыкканы деле ошондой эле болот.

Орусияга көз каранды болгон баардык өлкөлөрдө өнүгүү байкала элек али, ал эми Американын, Европанын, Япония, Түндүк Корея, Сингапур, ФРГ, ГДР ж.б. системасына баш ийген өлкөлөрдүн акыбалын адамдар өздөрү эле карап түшүнсө болот.

- Грузия КМШ мамлекеттери, КМШ уюму менен мындан аркы кызматташтыгы кандай нукта улантат деп ойлойсуз?

- Эми алар башынан эле бизге окшоп кылчактабай эле келишкен, алар дайыма СССРде деле бийлик башында турган кишилерден болушкан. Грузиндер өзгөчө эл, буларда бир аз эркиндикте болгон. Ошондуктан булардын Казакстан менен экономикалык мамилеси бар. Биздин эч нерсебиз жок ал жакта. Казакстан менен өз алдынча уланта берет деп ойлойм. Ошондой эле Орусия менен уланта берет, мурдагыдай эле кала берет.

- Грузия кандайдыр бир деңгээлде КМШга мүчө калган өлкөлөргө үлгү болуп бербейби. Башка өлкөлөр Грузиянын жолун жолдоп чыгуу аракетин жасашы мүмкүнбү? Дегеле КМШнын тутумуна кандай таасир этиши мүмкүн Грузиянын чыгышы?

- Менин оюмча, кыргыз, казактардын арасында деле биз эркин болсок, Орусия менен тең болсок, аларга баш ийбесек дегендер бар. Бирок мурдагы муундар орустар менен гана мамиле кылгандыктан биз орустарга байланып турабыз. Андан кийинки муундар балким чет жакка чыгып окуп келишсе, кандай акыбалда турганыбызды түшүнүп, ошолор жетелеп чыгышы мүмкүн.

Грузиядан мисал алган адамдар биздин арабызда өтө аз, анткени бизде баардыгы Орусиянын каналын карайт, аларды биздин коргоочубуз, дос деп ойлойт бул жакта. Ошондуктан азырынча бизде андай дымак өсүп, өнүгүп жете элек. Бизге алар анча деле өрнөк болалабайт. Анткени Орусиянын информациялык саясаты үстөмдүк кылып турат азыр.

- КМШга мүчө баардык мамлекеттерге дейсизби?

- Өзбектерде бир аз улутчулдук менен улуттук эрк деген бар болуп атат. Тажиктер да тажик тилин киргизип орус тилин чыгарып атат, казактар дагы бизден бир аз өйдөрөк, алар дагы казакташтыруу саясаты күчтүрөөк болуп баратат. Ал эми Кыргызстан менен Белорус, жана ушундай майда өлкөлөр бизде андай күч жок болуп атат. Грузиядай жетише албайбыз. Армения андан бетер, Азербайжан алсыз мамлекеттер деп ойлойм.

- Бир жагынан Орусияга таянууга экономикалык жактан аргасыз болуп жатат го?

- Экономикалык муктаждык бир четинен. Экинчи четинен, бийликтин башындагылардын өздөрүнүн көмүскө экономикасы да бар да. Алардын туугандары, балдары тигилер менен дос болот, тигилер аркылуу сууларды, майларды сатат. Тиги жактагы мафия, криминалдык топтор менен байланышкан. Булар өздөрүнүн курсагы үчүн улуттук келечегин ойлогонго кудуреттери жетпей атат Казакстан, Кыргызстан деген мамлекеттерде.

- Маегиңизге чоң рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG