Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

Саакашвилинин убадалары оппозицияны ынандырган жок


Президент Саакашвили оппозиция менен жолугушуу маалында
Президент Саакашвили оппозиция менен жолугушуу маалында

1 айдан бери Тбилисиде нааразылык акцияларын өткөрүп келаткан оппозиция өкүлдөрү 11-айда Грузиянын президенти Михаил Саакашвили менен жолугушту. Кеңешменин соңунда Саакашвили бир катар олуттуу чегинүүлөргө барып, саясый реформаларды сунуш кылганын айтса, грузин оппозициясынын лидерлери сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктады, бүткүл Грузияда каршылык көрсөтүү акцияларын баштайбыз деп жарыялашты.

Грузин президенти атаандаштардын айрым талаптарын кабыл алат

Саакашвилинин айтымында, ал оппозицияга конституциянын саясий тең салмактуулукту сактаган жаңы долбоорун иштеп чыга турган биргелешкен комиссия түзүүнү сунуш кылды. Күчтүү президент, күчтүү парламент жана соттордун көз карандысыздыгын камсыздай турган конституция даярдачу комиссияны оппозиция өкүлү жетектесе да болот, - деп белгиледи 11-майдагы жолугушуудан кийин грузин президенти.

- Баарынан башкысы, бул жолугушуу ишке ашканына абдан курсантмын. Ал кандай өткөн күндө да, бүгүн Грузиядагы демократия жеңген күн болду. Буга чейин канчалык чектен чыккан кадамдарга барып, бири-бирибизди опузалап таарынткан сөздөр менен аракеттерге барсак да, эми минтип конструктивдүү кадам жасап, кадимки саясий диалогго барганыбызга өтө кубанычтуумун.

Михаил Саакашвили конституция долбоорунан башка Грузиянын коомдук телерадиокомпаниясынын Байкоочулар кеңешиндеги орундарды өз ара калыс бөлүштүрүп, дагы бир телеканалда түрдүү саясий топтордун баарына убакыт берүүнү да сунуш кылганын кошумчалады. “Нааразылык акцияларын уюштурган оппозициячыл саясатчылар куугунтукка алынбайт. Биз эч кимди бурчка такап, бул өлкөдө келечеги жок абалда калтыргыбыз келбейт”, - деп убада кылды грузин президенти.

Оппозиция Саакашвили азыркы кризисти туура түшүнбөйт деп нааразы

Ал анткен менен, оппозиция лидерлери президент менен жолугушуудан эч майнап чыкпаганын билдиришти. Президенттик шайлоодо Саакашвилинин башкы атаандашы болгон Леван Гачечиладзе: “Грузиядагы кырдаал тууралуу биз эки башка көз карашта экенбиз. Саакашвили биздин айткандарыбызды түшүнчү түрү жок. Ошондуктан оппозиция нааразылык акцияларын күчөтөт, эртеңден баштап жер-жерлерди кыдырабыз”, - деп маалымдады журналисттерге. Грузиянын мурдагы тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили калганын эртеңки митингде угасыңар деп кошумчалады:

- Биз баарыбыз кетип атабыз, калган пландарды саат 6дагы митингде угасыңар. Мен Гачечиладзенин айтканын гана кайталай алам, биз баарын абдан ачык талкууладык, ошондон улам биз үчүн бир нерсе айдан ачык - өлкөдөгү кырдаалды, азыркы кризисти эки башкача түшүнгөнүбүз өтө өкүнүчтүү.

Грузиянын оппозициялык кыймылдары Тбилисидеги демонстрацияларын 9-апрель күнү баштаган. Ошондон бери тынч өтүп келаткан акциялар 7-майга караган түнү полиция менен кагылышууларга алып келип, резина ок жеп, ур-токмокко алынган ондон ашуун киши ооруканага жаткырылган. Ага удаа 9-май күнү он миңден ашуун киши катышкан ири демонстрациядан кийин оппозиция бийликтегилерге 3 күндүк мөөнөт берген соң, эки күндөн кийин Михаил Саакашвили алар менен жолугууга макул болуп отурат. Чет элдик байкоочулар Грузиядагы тирешүүнүн эки тарабы – бийлик менен оппозиция экөө бирдей айрым чегинүүлөргө барбаса, өлкөдө башаламандык орун алып, бейкуттукка чагым салынаарын эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG