Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Орусия менен Грузиянын ортосундагы согушка бир жыл толду. Азыркыга чейин Москва менен Тбилиси согуштун башталышы үчүн бири-бирин айыптап келишет.

2008-жыл, августтун 7синен 8ине караган түнү Грузиянын куралдуу күчтөрү Түштүк Осетияны аткылай баштады.

Грузин өкмөтү бул жикчил аймак тараптан ок ачылып, орус аскерлери туннелден өтө баштагандыктан курал колдонулганын билдирди.
Орус аскерлери Грузиянын күчтөрүнө каршылык көрсөтүүгө шашылды.

Расмий түрдө Грузиянын аймагы саналганы менен, түштүк осетиялыктардын көбүнө соңку жылдары орус паспорттору берилген.

9-август
күнү орусиялык күчтөр Түндүк Осетия аркылуу өтүп баратканда, жергиликтүү тургундар аларга таттуу-паттуу жана тамекилерди ыргытып жатышты.

Ал аралыкта орус армиясы аймакты каптай баштаганда, Грузия өз аскерлерин Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалиден алып кетүүгө чамынды.

Ал жердеги салгылашуу Цхинвали шаарына катуу залака келтирип, жайкын тургундар арасында набыт болгондордун саны өстү.
Кийинки күнү, 10-августта жикчил осетин топтору жана Орусия аскерлери Грузиянын дагы бир чатактуу аймагы - Абхазияга жол тартышты.

Абхазиянын лидери Сергей Багапш
Абхазиянын де-факто лидери Грузия менен чектеш Кодори капчыгайына миң жоокер жөнөткөнүн билдирди.

Орусиянын согуштук учактары грузин-абхаз чек арасынын грузин тарабына абадан сокку уруп кирди.

Орусиялык учактар Грузиянын аймагын да бутага алды. Ушундай чабуулдардын биринде Тбилисинин жанындагы радар станциясы толугу менен талкаланган.

10-августта Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер Грузиянын президенти Михаил Саакашвили менен сүйлөшүү үчүн Тбилисиге келди.

Кушнер тараптарды сабырдуулукка үндөп, ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүлөр баштоого чакырды.

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили
Саакашвили жаңжалды “акылга сыйбаган окуя” атап, согуштун тез арада бүтүшүн кааларын белгилеген.

11-августта журналисттер талкаланган Цхинвалиге барып, ал жердеги мүшкүлдү өз көзү менен көрө алышты.

Грузиянын күчтөрүн чыгарып жибергенден кийин аймакты Орусия менен Түштүк Осетиянын аскерлери көзөмөлдөп калды.

12-августта Евробиримдик ортомчулук кылган макулдашуудан кийин бир нече күн ичинде ок атуу акырындап тыйыла баштады.

26-августта Орус бийлиги Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын бир тараптуу тааныды. Башка бир да өлкө эки жумурияттын көз карандысыздыгын толук, расмий түрдө тааныган жок.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев
1-сентябрда
Евробиримдик Грузиядагы кырдаалды талкуулаш үчүн чукул жыйынга чогулган.

Жыйында элдешүү тууралуу макулдашуу сакталышын көзөмөлдөй турган бир нече жүздөй байкоочу жиберүү чечими кабыл алынган.

8-сентябрда Москвада президент Дмитрий Медведев Евробиримдиктин лидерлерине 1-октябрга чейин аймактан орус аскерлери чыгарылып, урушка чейинки ордуна кайтарылат деп убада кылган.

Айрым күчтөр чыгарылды, бирок акыры Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияда аскерлеринин санын көбөйтүп, мурда Грузияга караштуу айрым аймактарга да жайгаштырды.

Бириккен Улуттар уюму менен Европадагы коопсуздук (ЕККУ) уюмунун байкоочулары грузин чек арасы тарапта иш жүргүзүп, кырдаал 2009-жылдын июнь айына чейин өзгөргөн жок.

Бирок июндун аягында Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги добушунан пайдаланып, эл аралык байкоочулардын мөөнөтүн узартууга вето салды.

Бул эки миссия тең аймакта жаңжал башталганга чейин эле иш алып барган.

Июлдун башында АКШ президенти Барак Обама Москвада Орусиянын лидери Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Сапары маалында АКШ президенти орус бийлигин Грузиянын аймактык бүтүндүүлүгүн урматтоого чакырды.

Июлдун аягында АКШнын вице-президенти Жо Байден грузин парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Обаманын өкмөтү эч качан Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныбай турганын ырастады.

Бирок Орусия-Грузия жаңжалынын бир жылдыгында согуш маалында башкалкалап качууга мажбур болгон грузиндер кырдаал өзгөрөрүнө үмүт артышат.

Өткөн жылы августтагы согуштан кийин Түштүк Осетия, Абхазия жана Грузиянын айрым шаарларынан жансактай качкандардын саны 30 миңдей адам деп эсептелет. Алар үйлөрүнө кайтабыз дегенде эки көз төрт болуп турган чак.




XS
SM
MD
LG