Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

Сребреницадагы кыргындын далилдери Гаагада жоголду


Босниялык мусулман аялдар Сребреницанын четиндеги Потачари мемориалдык борборунда жайгашытырылган табыттардын арасынан туугандарынын табыттарын табышып, ый төгүп отурушат.10-июль 2009
Босниялык мусулман аялдар Сребреницанын четиндеги Потачари мемориалдык борборунда жайгашытырылган табыттардын арасынан туугандарынын табыттарын табышып, ый төгүп отурушат.10-июль 2009

Мурдакы Югославия боюнча эларалык кылмыш трибуналы Сребреницадагы кыргында өлгөн адамдардын миңден ашуун сөөгүн, канынын үлгүсүн, тиштерин, чачтарын жана башка материалдарды жок кылып жибергенин мойнуна алды.

Сребреницада 1995-жылдын июлунда 8 миң босниялык мусулман эркек жана бала өлтүрүлгөн. Алар БУУнун калкасындагы шаарчаны сербдердин генерал Ратко Младич башындагы аскерлери басып алганда өлтүрүлүп, кийин бульдозер менен көмдүрүлүп салган. Бул Босниядагы 1992-95-жылдардагы cогуштун эң кандуу баракчасы жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң чоң кыргын саналат.

Босния-Герцеговина. Сребреницадагы кыргындан 14 жылдан кийин сөөгү аныкталган 534 адамга жаназа окулууда. 11-июль 2009
Сребреница курмандыктарын табуу үчүн 70 көрүстөндүн орду аныкталып, ал жерден табылган сөөктөр, чачтар, кандын үлгүсү, тиштер же артефакттар соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлдү. Алты миңден ашуун адамдын сөөгү аныкталды. Дагы 2 миң адамдын сөөгү табыла элек. Анын ичинде 20 жаштагы Нермин Субасич да бар. Нерминдин апасы Мунирада уулунун фотосүрөттөрү, каттары, жаткан керебети, эски кийим-кечеси, эч нерсеси калбаганын айтып зарлайт:

- Уулдарынан ажыраган көптөгөн энелерде балдарынан сүрөттөрү, мазарда мүрзөлөрү да жок. Эгер уулуңуздун сүрөттөрү, буюмдары жок болсо, эч качан балаң болбогондой көрүнөт экен. Биз эми балдарыбыз болгонун далилдешибиз керек.

Эми Нерминдин сөөгү табылары да күмөн. Себеби, Гаагадагы кылмыш трибуналы Сребрецинадагы көрүстөндөрдөн табылган 1 миңден ашуун артефакттар жана материалдык далилдерди үч жыл мурда жок кылып салганы ачыкка чыкты. Трибуналдын өкүлү Ольга Кавран муну сот ишиндеги кадыресе көрүнүш деп түшүндүрөт:

- Биз 2005-жылдын соңу жана 2006-жылдын башында сактоого алынган артефакттар тууралуу айтуудабыз. Адамдар массалык көмүлгөн бейиттерден чогултулган артефакттар бузулуп бараткандыктан ден соолук үчүн зыяндуу эле.

Ольга Кавран дүйнөлүк юрисдикцияда артефактар адам өмүрүнө коркунуч туудурса, жок кылынарын да белгиледи.

Сребреницадагы кыргында өлтүрүлгөн адамдардын сөөктөрү салынган машинелер Поточаридеги мемориалдык борборго сөөктөрдү жайга берүү үчүн баратат. 11-июль 2009-жыл.
Эларалык трибунал күбөлөрдүн ДНКларын да жок кылып жиберген. Массалык көрүстөндөрдү изилдөөгө бир нече жыл өмүрүн жумшаган Амур Масович буга абдан кыжалат:

-Айрым скелеттердин калдыктары кошо жок кылынса, буга ынанып болбойт. Калдыктар өлүктү аныктоо үчүн Боснияга ДНКны анализдөөгө жөнөтүлүүгө, андан соң үй-бүлөсүнө кайтарылууга тийиш болчу. Гаага трибуналынын сөөктөр инфекция жайылтышы мүмкүн деген түшүндүрмөсү өтө талаштуу. Эмнеге калдыктар бузулгандай шартта сакталган?

Сребреницада кырылган адамдардын артефакттарын жок кылууга эларалык коомчулук анча этибар бербеди. Бирок Германия жайгашкан "Жоголгон адамдар" коому далилдерди жок кылууну -“теңдешсиз чатак” деп атап, Освенцим концлагерин тейлеген адамдардын үстүнөн Франкфуртта болгон соттун документтерин жоготулса, чоң эларалык чатак чыкмак деп билдирди.

Босниянын президенттик үчилтигинин мусулман мүчөсү Харис Силажич мурдакы Югославия боюнча эларалык кылмыш трибуналынын башкы прокуроруна кайрылып, Ратко Младич башындагы серб аскерлери кырган адамдардын артефакттарынын жок кылынышына байланыштуу атайын изилдөө жүргүзүүнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG