Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

Президент Жорж Буштун сегиз жылдык бийлиги дүйнөлүк “демократиянын депрессиялык доору” болду. Анын тушунда АКШ терроризмге каршы согушта адам укуктарын караманча көзгө илген жок, натыйжада проблемага ушундай усулда караган өкмөттөр көбөйдү. Бул тууралуу укук коргоочу эл аралык Human Rights Watch уюмунун жаңы докладында айтылат.


Human Rights Watchтун Лондондогу директири Том Поршусс “адам укуктары үчүн Буштун заманы катастрофа” болгонун, “Кошмо Штаттары контртеррордук саясатында адам укуктарынан баш тартканын” белгиледи.

“Ушунун өзү дүйнөдөгү репрессивдүү режимдерге адам укуктары чөйрөсүндө каалагандай кыянатчылыктарды жасай берсе болорун жана өкмөт андан эч кандай зыян тартпай турганын көрсөткөн ишаара болуп берди. Ошону үчүн жаңы президент Барак Обаманы биз Буштун эпсиз чоң ушул зыянын жойгонго чакырабыз”,- деп айтты Поршусс.

Human Rights Watch Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн баарын адам укуктарын тебелеп-тепсеп, ага текеберлене караган режимдерге кошкон. Бул жерде өңчөй автократ-президенттер эч кандай негиз-жүйөөсүз эле өздөрүн демократиялык лидер кылып атап алышкан, алардын өкмөттөрү иш жүзүндө арамза демократия гана болуп саналат.

Казакстанда, мисалы, оппозиция баш көтөрө албай калды, маалымат каражаттары көзөмөлгө алынып, цензура орноду. Былтыр августтагы шайлоодо парламенттеги бардык орундардын бирин калтырбай президенттин башкаруучу партиясы ээлеп алды. Мунун баарын демократияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү озуйпасын аркалап жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму көрүп-билип турса да Казакстанды өзүнүн эмдиги жылдагы төрагалыгына шайлап алды.

Human Rights Watch Өзбекстан менен Түркмөнстанды мурдагыдай эле дүйнөдөгү эң репрессивдүү режимдерге киргизген.

Президент Ислам Каримовдун тушунда мыйзам улуктугу принциби Өзбекстандын фундаменталдуу, структуралык чоң пробемасына айланды. Соттордун баары өкмөттүн көрсөтмөлөрүн гана аткарат, көз карандысыз маалымат каражаттары жок, чет элдик кабарчылар өлкөгө киргизилбейт. 2005-жылы Анжиандагы кандуу булоондон соң жаранчыл коом жанчылып, талкаланды. Евросоюз айрым санкцияларын жеңилдетип, өзбек өкмөтүнө бул чөйрөдөгү абал үчүн эл аралык кысым жасоо солгундап кетти.

Түркмөнстанды Human Rights Watch жеке адамга сыйынуунун мурдагы тарыйкасынан кайтты, бирок анын жаңы түрүн түзүп жатат деп эсептейт. Бул өлкөдө жүздөгөн, балким, миңдеген адамдар түрмөлөрдө отурат, алардын көбү саясий негизде жазага тартылышкан. Укук коргоочу активисттер менен көз карандысыз журналисттерди бийликтер такай куугунтукка алып турушат.

Тажикстанда адам укуктарынын проблемасы “кеңири жайылган жана өнөкөт көрүнүш” болуп калды. Human Rights Watch тажик өкмөтүн сот адилеттигине жол койбогону, абак жайларда, сурак-тергөө иштеринде ырайымсыз ыкмаларды колдонгону, демократия принциптерине кайчы келген дагы башка көптөгөн кемчиликтери үчүн сынга алган.

XS
SM
MD
LG