Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Кадыров "бандиттердин өтүн төгүп, өч алганга" кесенди


Ингушетиянын Сунжен районунда ишемби күндөн бери масштабдуу операция жүрүп жатат. Ага Ингуш жана Чечен республикаларынын ички иштер кызматтары тартылды. Ишемби күнү эрте менен куралдуу топ буктурмадан чечен милиционерлери бараткан автоколоннага кол салган эле. Кагылышта тогуз милиционер окко учту, он чактысы жарадар болду.

Буктурмада жаткандар адегенде колоннанын алдында бараткан автомашинаны жардырып, андан соң ага жабылта ок атышкан. Кол салгандардан окко учкандар болгон-болбогону беймаалым, ал эми чечен милиционерлери тогуз кишисин жоготкону, он чактысы жарадар болгону ырасталды. Айрым булактар элүүдөй милиционер набыт кетти дешет.

Кагылыштан соң дароо эле куралдуу топко куугунтук уюштурулуп, жыйырмадай киши Бамут районуна жакын жердеги токойдо курчоого алынды. Аларга минемоттон көнөктөтө ок атылды. Районго кошумча күчтөр тартылып келинди. Куралдуу топтон тирүү калгандарын колго түшүргөнү атайын операциялар башталды.

Россиянын ички иштер министри Рашид Нургалиевдин буйругу менен операция жүрүп жаткан аймакка жакын жердеги бардык ички иштер бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Министрдин айтымында, кол салган топтун арасында чет элдик жалданма лашкерлер болушу да ыктымал.

Чеченстандын ички иштер министри Руслан Алханов курман болгон милиционерлердин үй-бүлөлөрүнө республиканын жетекчилиги жана Россиянын ички иштер министрлиги зарыл болгон бардык материалдык жардамдарды көрсөтө тургандыгын маалымдады. "Бандиттер менен сүйлөшүүнүн бир гана жолу бар экенине кайрадан айныксыз көзүбүз жетип отурат, - деп айтты чечен министри. – Алар толук өлчөмдө жазасын алууга тийиш: же жок кылынышы керек, же жоопкерчиликке тартылышы керек".

Чечен президенти Рамзан Кадыров куралдуу кагылыш болуп өткөн жерге барып: "Бул кылмышка тиешеси барлардын ар бири такталат жана бири калбай жок кылынат",- деп билдирди.

Кадыров "бандиттер арасында чет элдик эч кандай жалданма кишилер жоктугун, алардын баары жергиликтүү эле органдарда иштегендер экенин" белгиледи. "Милиционерге, имамга, президентке кол салып, алардын канын төгүп коюп анан койдон момун болуп токойдон чыгып келип жатышат. Аларды тирүү кармайбыз деп атайын кызматтарда иштегендердин өмүрүн тобокелге салыштын кажети жок, бандиттерди токойдон чыгарбай туруп күлүн көккө сапырып салыш керек",-деп айтты Кадыров.

А кокус чет элдик жалданма желдеттер табылып калса,Кадыров аларды "үч метр терең чукурга көмүп салганга" убада берди. Бул ишти Кадыров өз алдынча тоолуктардын салты менен, вайнахтарча териштирип чыгарына, "бандиттердин өтүн жарып өч алышарына, бу жагынан аларды бүткүл ингуш жана чечен эли колдой турганына" ишендирди.

Өткөн айда Ингушетиянын президенти Юнус-Бек Евкуровго кол салгандарга да Кадыров ушинтип кесенген эле.

XS
SM
MD
LG