Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Иран: Бушерде сынамык иштер башталды


Иран -- Бушердеги атомдук электр станциясынын сырткы көрүнүшү.
Иран -- Бушердеги атомдук электр станциясынын сырткы көрүнүшү.

Бушердеги электр станциясынын курулушу бүткөрүлүп, атомдук реакторду сынап көрүү иштери башталды. Бул үчүн Тегеранга атайын Росатомдун делегациясы келди. Сынактар ийгиликтүү өтсө, станция быйыл жыл этегинде ишке киргизилиши мүмкүн.

Бушердеги атомдук электр станциясынын жерпайын 1975-жылы немец компаниялары түптөшкөн,бирок Ирандагы революциядан кийин курулуш иштерин уланткандан баш тартышкан.

1995-жылы Иран Россия менен контракт түзүп,станцияны 1999-жылы бүткөрүүнү пландаган. Финансылык кыйынчылыктардан улам иш бир нече ирет токтоп калып,кайра улантылган.

Сынамык иштерге катышканы атайын Тегеранга келген Росатомдун башчысы Сергей Кириенко станцияны пайдаланууга берүүнүн маанилүү этабы башталганын билдирди. Орус адистери жалпы системанын коопсуз иштешин текшерип көрүшөт. Сынак маалында реактор үчүн байытылган уран колдонулбайт, анын ордуна атайын жасалган металл отун пайдаланылат.

Сынамыктар ийгиликтүү аяктаса,быйыл жыл этегинде станциянын биринчи реактору иштей баштайт. Бирок Кириенко станция толугу менен качан пайдаланууга берилерин так айткандан баш тартты. “Баары сынамык иштердин натыйжаларына жараша болот”,-деп тактады ал.

Келишимге ылайык станцияны орус адистери иштетиши керек. Бул үчүн Тегеран менен Москва биргелешкен атайын команда түзүшөт. Мындан тышкары тараптар Бушерди ядролук отун менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимге кол койгону жатышат. Иштетилген отунду ирандыктар толугу менен орустарга кайтарып турушу керек.

Маселенин дал ушул жагдайы Батышта бир топ кооптонуу жаратууда. Бирок Москва бу жагынан баары кынтыксыз болоруна ишендирүүдө.Айрым эксперттер Бушердеги реактордон түпкүлүгүндө плутоний алса болорун, бул үчүн ирандыктарга өтө мыкты технология керектигин, андай технология аларда жок экенин айтышат.

Азыр эл аралык коомчулуктун назары негизинен Бушердеги станцияга эмес, Натанздагы ядролук ишканага кадалып турат. Бул ишкананы Иран он сегиз жыл бою жашырып келген. Улуттар Уюму Тегеранды бир нече ирет эскертип, үч ирет резолюция кабыл алганына карабастан ирандыктар дал ушул Натанзда соңку жылдары уран байытуу иштерин улантууда.

МАГАТЭ өткөн аптадагы докладында Ирандагы ядролук илимий иштердин мүнөзүн аныктоодо эч кандай жылыштар байкалбаганын дагы бир ирет белгиледи. Документти комментариялап,америкалык адистердин бири “Иранга атом бомбасын жасаганга бир кадам калганын” айткан эле.

XS
SM
MD
LG