Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Эбадинин Нобел сыйлыгы опуздалды


Ширин Эбади Абу-Дабидеги эл аралык жыйында. 2-ноябрь 2009-жыл.
Ширин Эбади Абу-Дабидеги эл аралык жыйында. 2-ноябрь 2009-жыл.

Иран бийликтери Нобел тынчтык сыйлыгынын эгеси Ширин Эбадинин алтын медалын, дипломун опуздап алып, анын банк эсебине камал салып коюшту. Нобел комитети бул ишти кескин айыптап, Тегеран өкмөтүнүн чечимин дүйнөдө жок "өрөскөл кадам" деп атады.

Нобелдин алтын медалын, анын дипломун, эл аралык башка да сыйлыктарын тастыктаган кагаздарын Тегеран банкындагы темир үкөктө сактылып турган жеринен бийликтер Революциячыл соттун чечими менен опуздап алышканын The Associated Press агенттигине Ширин Эбади өзү Лондондон телефон аркылуу билдирди. Мындан тышкары бийликтер анын жеке банк эсебине камал салып, Эбадинин күйөөсүнөн 410 миң доллар өлчөмүндө салык төлөөнү талап кылышкан.

Норвегиянын тышкы иштер министри Йонас Гар Стере иран бийликтерин бул жоругун "акылга сыйбас" жана "кулак уга элек" осолдук деп атады. Мындай окуя Нобел сыйлыгынын 108-жылдык тарыхында дегеле болгон эмес.

Ослодо иран элчиси тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага нааразылык нотасы тапшырылды. Тегеранда Эбадинин күйөөсү сабалды деген кабарга да Норвегия олуттуу тынчсыздануу билдирди. Тышкы саясий мекеменин жетекчиси Стере "доктор Эбади менен анын жакындары куугунтукка алынып жатканы Иранда сөз эркиндиги басмырлана турганын көрсөткөн" иш экенин да элчинин эсине салды.

Нобел комитетинин туруктуу катчысы Геир Лундестад: "Биздин өтө шагыбыз сынды, селдейе түштүк десем да болот. Ширин Эбади менен иран бийликтери, албетте, узактан бери чатакташып жүрөт, бирок чатактын арты ушундай ишке айланганы – эгерим болбогон жана эч кандай жүйөөсү жок жосун", - деп билдирди.

Ширин Эбади быйыл жайдагы президенттик шайлоону жана нараазылык акцияларына катышкандарга катуу чараларды колдонгон бийликтердин кадамын кескин сынга алган.

Эбади шайлоо алдында эл аралык конференцияга катышканы Ирандан кетип, ошо бойдон кайтып бара элек. Коркутуп-үркүткөн аракеттер болгонун айтып, Эбади андайларга бышы кулак болуп бүткөнүн ырастады. "Качан менин ишим өлкөгө пайдалуу болсо, ошондо кайтып барам", - деп айтты ал.

Ирандын тышкы иштер министрлиги Норвегиянын нотасын четке кагып, Эбади Нобел сыйлыгынын үчтөн бир бөлүгүн салык катары төгүшү керек, муну андан талап кылганга бийликтердин толук акысы бар деп билдирди.

Ал эми Эбадинин айтымында, мындай сыйлыктардан салык төлөө иран мыйзамдарында каралган эмес.

Эбади кесиби боюнча адвокат, укук коргоо чөйрөсүндөгү көп жылдык ишмердиги үчүн 2003-жылы Нобел тынчтык сыйлыгын алган.

XS
SM
MD
LG