Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Иран президенти жаңы кабинеттин курамын сунуштады


Иран президенти Махмуд Ахмадинежад жаңы кабинеттин курамын парламентке сунуш кылды. Эми парламент 30-августка чейин аны карап чыгышы керек. Бирок айрым байкоочулар президент сунуш кылган тизмедеги кээ бир маанилүү фигуралар парламенттин элегинен өтпөй калышы ыктымал деп эсептешет.

Иран парламенти президент Махмуд Ахмадинежад сунуш кылган жаңы кабинеттин курамын оңой менен колдоп кетери шектүү.

Парламенттин улгайып калган мүчөлөрү президент сунуш кылган тизмедеги айрымдарды жактырбаганын азыртадан эле айтышууда.

Консерватор Ахмад Таваколо президенттин тизмесиндеги айрымдар “эч качан жоопкерчиликтүү иште өзүн көрсөтпөгөнүн” айтты. Анын баамында, ушундан улам кабинет күчтүү адамдардан турган орган боло албайт.

Дагы бир консерватор Парвиз Сарвари министрликке сунуш кылынган талапкерлерде зарыл тажрыйба болбогонун белгиледи.

Президент Махмуд Ахмадинежад биринчи мөөнөткө шайланганда да “кабинеттин курамын түзүүдө чабалдык көрсөттү, жогорку кызматтарга тажрыйбасыздарды дайындады” деп айыпталган.

Дагы бир жагдай бар – учурда Ахмадинежад мурдагыдай абройго ээ эмес. Ахмадинежадды Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи мурдагыдай эле колдогону менен, 12-июндагы чуулгандуу президенттик шайлоодон кийин Махмуд Ахмадинежад консерватор жана реформачылардын төө бастысында калды.

Андыктан, серепчилердин баамында, президент сунуш кылган жаңы кабинеттин курамын парламент жактырса, бул нерсе ага олуттуу колдоо болуп бермекчи.

Махмуд Ахмадинежад сунуш кылган тизмедеги 21 министрлик кызматка талапкерлердин арасында үч аялдын ысымдары да бар. Исламдык Иран жумуриятынын тарыхында буга чейин аял киши эч качан министр болуп иштеген эмес.

Коргоо министрлигинин жетекчилигине сунушталган талапкер Вахидинин ысмы 1994-жылы Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында 80 адамдын өмүрүн алып кеткен террордук кол салууга байланыштуу эл аралык Интерполдун “кара тизмесинде” жүрөт.

Дагы бир жагдай таң калууну туудурду: Махмуд Ахмадинежад парламентке сунуш кылган тизмесинде Масуд Мира Каземини Мунай министри катары көрсөткөн. Каземи учурда Соода министри жана мунай тармагында көп деле тажырыйбасы жок. Иранда Мунай министрлиги өтө чоң ролду ойнойт. Себеби мунай экспорту өлкө кирешесинин олуттуу бөлүгүн түзөт.

Анын үстүнө бул кызмат алдыдагы болжолдуу окуяларга байланыштуу өзгөчө мааниге ээ болуп турат. Эл аралык коомчулук Ирандын өзөктүк программасын токтотуу үчүн мунайдын импортуна чектөө киргизип коюшу ыктымал.

XS
SM
MD
LG