Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Обама Гуантанамо түрмөсүн жабууну сунуштады


Гуантанамо түрмөсүн жабууга чакырган нааразылык. Вашингтон, 11-апрель, 2013-жыл.
Гуантанамо түрмөсүн жабууга чакырган нааразылык. Вашингтон, 11-апрель, 2013-жыл.

АКШ президенти Гуантанамо түрмөсүн биротоло жабууну сунуштады. Ак үйдөн жасаган билдирүүсүндө Барак Обама Конгрессти администрациянын аталган абак жайды жабуу боюнча планын колдоого да чакырды. Бирок Конгресстен президент сунушуна каршылык чыкчудай болуп турат.

23-февралда Ак үйдөн сүйлөгөн учурунда президент Барак Обама Гуантанамо көйгөйүн кийинки президентке мураска өткөрүүнү каалабай турганын белгилөө менен аны биротоло жабуу үчүн бир нече жүйөлөрдү келтирди:

- Көптөгөн жылдардан бери Гуантанамодогу абак жай биздин коопсуздугубузду чыңдаган жок. Кайра ага шек келтирип келди. Террорчуларга каршы биздин күрөшүбүзгө терс натыйжасын тийгизүүдө. Себеби террорчулар өз катарына жаңы адамдарды тартууда муну пропаганда иретинде колдонушат. Гуантанамо терроризмге каршы күрөштө кызматташуубуз керек болгон өлкөлөр менен өнөктөштүк алакабызга зыян тийгизүүдө. Бул жайды кармоо биздин баалуулуктарыбызга каршы келет, дүйнөдөгү абалыбызга көлөкө түшүрүүдө. Мыйзам үстөмдүгүн эң жогорку стандартта сактоо тарыхыбыздагы кара так катары каралып жатат.

Кубанын Гуантанамо аралында АКШга караштуу деңиз базасындагы камак жай 2002-жылы, ошол кездеги президент Жорж Буштун учурунда ачылган.

Абак жайга 2001-жылдын сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин АКШ баштаган коалициянын Ооганстандагы операциялары учурунда туткундалган, "Талибандын" жана “ал-Каиданын” согушкери деп шектелген, ар өлкөнүн жарандары болгон 780 киши жеткирилген.

АКШнын мурдагы администрациясы тарабынан Гуантанамодо отургандарга мыйзамдык жактан согуш туткундары эмес, “душмандын урушкерлери” деген аныктама берилген болчу.

Абак жайдын ички көрүнүшү.
Абак жайдын ички көрүнүшү.

Аларга согуш туткундары боюнча Женева конвенциясынын эрежелерин колдонуу керекпи же жокпу деген маселенин да башы ачылбай келген.

Кийинчерээк Конгресс Гуатанамодо отургандардын ишин кароочу Аскерий комиссиялар боюнча атайын мыйзам кабыл алган.

Чет өлкөгө өткөрүү жана АКШга алып келүү

Эми президент Барак Обаманын айтымында, администрация Конгресске сунуштап жаткан жаңы планга ылайык Гуантанамо түрмөсү анда азыр калгандардын бир бөлүгүн мурдагыдай башка мамлекеттерге өткөрүп берүү, экинчи бөлүгүн Кошмо Штаттардын өз ичиндеги абак жайларга бөлүштүрүү аркылуу жабылуусу керек:

- Башка өлкөлөргө камактагы 800ге жакын адамдын 85% ашуун буга чейин эле которулду. Булардын 500дөн ашуун президент Буштун учурунда эле өткөрүлүп берилген. Мен кызматка келгенден бери биз алардын 147син согуш талаасына кайра кайтпай тургандай кылып, жаңы чектөө менен котордук. Бул иштердин натыйжасында бүгүн камактагылардын 91и эле калды. Бүгүн Коргоо министрлиги Конгресске Гуантанамодогу түрмөнү биротоло жабуу боюнча биздин планды жөнөттү. Ал төрт элементтен турган стратегия. Биринчиси - биз камактагылардын калган 91нин 35ин башка мамлекеттерге коопсуздукту сактоо жана жоопкерчилик менен өткөрүп беребиз. Аларды которуу маселеси буга чейин эле жактырылган.

Барак Обама талаштуу түрмөнү жабууну президенттикке талапкер кезинде эле убада кылган эле.

Гуантанамо түрмөсүн жабууга чакырган нааразылык. Вашингтон, 2013-жыл.
Гуантанамо түрмөсүн жабууга чакырган нааразылык. Вашингтон, 2013-жыл.

Маселеге президенттигинин биринчи мөөнөтүнүн башталышында эле киришип, бирок анда демилгеси Конгресстин катуу каршылыгына кабылган болчу.

Администрациянын азыркы жаңы планына ылайык, Гуантанамодо калган 91 адамдын өтө коркунучтуу деп эсептелген 56сы АКШнын өз ичиндеги 13 абак жайга которулушу керек.

Конгресс буга дейре эле Ак үйдү Гуантанамодогуларды АКШнын ичиндеги түрмөлөргө жылдырууга тыюу салган мыйзам кабыл алганын, анын үстүнө быйыл шайлоо жылы экенин эске алганда жаңы планга да каршылык көрсөтүлчүдөй.

Республикачылардан таасирлүү сенаторлордун бири Жон МакКейн, президенттикке үмүткөр сенатор Марко Рубио Обаманын планын дароо эле сынга алышты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG